Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз 32- сессиясы
2021-жылдын 6-февралы № 32-5
Бел айылынын тургуну Абдилазиз уулу Чынгыздын арызын кароо тууралуу
Депутаттардын Бел айылдык кенешине келип түшкөн Бел айылынын тургуну Абдилазиз уулу Чыңгыздын арызын карап, угуп жана талкуулап Бел айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Бел айылынын тургуну Абдилазиз уулу Чыңгыздын Бел айыл аймагынын “Рос Петрол” май куюучу бекетинин батыш тарабынан 0,04га, Жийде жана Бел айылдарынын ортосунан жол жээгинен А.Сапарбаев каналынын чыгыш тарабынан убактылуу балык бакчу жерден 0,60 га жер аянттарын соода түйүндөрүн уюштурууга сурап кайрылган арызы канааттандырылсын.
2. Бел айылынын тургуну Абдилазиз уулу Чыңгыздын арызын мыйзам чегинде карап,чечип берүү жагы Бел айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дорбаевке жүктөлсүн.
Бел айылдык Кеңешинин төрагасы | Бекботоев. Т.М. |