Загрузка документа…
| Долбоор |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 588 тескемеси менен жактырылган) |
"Жалал-Абад эл аралык финансылык борбору"
эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Абдалиев, Ш.К.Ташиев, К.А.Талиева, К.К.Сулайманов, М.А.Маматалиев, Ш.М.Мажитова, А.А.Козуев, Г.О.Култаева, Ж.Э.Садырбаева, Ч.И.Ажибаев, С.М.Зулпуев, М.М.Мураталиев, У.З.Ормонов, М.О.Темирбаева, Таалайбек к. Ж., Ч.А.Султанбекова, Т.Н.Сарыбашев, Б.Э.Тентишев, М.Ж.Сыдыков, Б.З.Түлөбаев, Т.А.Масабиров, Н.К.Кадырбеков, А.А.Исираилов, Т.И.Икрамов, А.Т.Түмөнбаев, Ж.П.Нурбаев, Б.А.Эргешов, И.К.Кубанычбеков тарабынан демилгеленген "Жалал-Абад эл аралык финансылык борбору" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун ченемдери жайылтыла турган адамдардын чөйрөсүн конкреттештирүү максатында мыйзамдын долбоорунун 1, 5-беренелериндеги "эркин экономикалык зонанын резиденти" деген сөздөрдү тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "эркин экономикалык зонанын субъекти" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз, анткени "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (мындан ары - Мыйзам) "ЭЭЗ субъекти" деген аныктама каралган, ошол эле учурда "ЭЭЗ резиденти" деген түшүнүк жок.
2. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинде айтылган "Жалал-Абад ЭФБ" ЭЭЗинин субъектгери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы тарап болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылуучу Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого милдеттүү.
3. Ошондой эле 5-берененин 1-бөлүгүнүн он төртүнчү абзацын алып салуу сунушталат, анткени Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин 6-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралгандан башка учурларда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары болуп саналбаган мыйзамдарга салыктык укук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдерди киргизүүгө тыюу салынат.
4. Мыйзамдын долбоорунун күчүнө кирүү тартиби жөнүндө маселени жөнгө салуунун алкагында мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин ченемдерин 7-беренеге интеграциялоо сунушталат. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна товарларды киргизүүнүн өзгөчөлүктөрү ЕАЭБ БКнын 27-главасынын жоболору менен жөнгө салынат. Баяндалганды эске алуу менен мыйзамдын долбоорунун 4-беренесин "ушул Мыйзамдын, ошондой эле" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасы тарап болуп саналган эл аралык келишимдердин" деген сөздөр менен толуктоо сунушталат.
5. Ошону менен бирге Мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ЭЭЗ мыйзамды кабыл алуу менен түзүлөт, анда ЭЭЗ түзүүнүн максаты, анын тиби, анда пландалган иштин мүнөзү, ЭЭЗ чектери, иштөө мөөнөттөрү, каржылоо булактары жана иштин артыкчылыктуу түрлөрүнүн тизмеги аныкталат. Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунда "Жалал-Абад ЭФБ" ЭЭЗинин чектерин, анын иштөө мөөнөттөрүн жана каржылоо булактарын аныктоону сунуштайбыз. Ошол эле учурда мыйзамдын долбоорунун күчүнө кирүү тартиби жөнүндө маселени жөнгө салуунун алкагында мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин ченемдерин 7-беренеге интеграциялоону сунуштайбыз.
6. Баалуу кагаздар рыногу аялуу, олуттуу жана системалуу. Жогорку тобокелдиктер кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), терроризмди каржылоого жана баалуу кагаздар рыногунда массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга каршы аракеттенүү маселесин билдирет. Ошентип, баалуу кагаздар рыногу аркылуу кирешелерди адалдоо Кыргыз Республикасынын инвестициялык саясаты жана анын коррупцияга каршы аракеттери үчүн өтө чоң тобокелдиктерди алып келет. Жогоруда көрсөтүлгөн тыянактардын натыйжасында аныкталган тобокелдиктерди азайтуу максатында аналитикалык талдоонун 6-пунктунун 6.1-пунктчасында төмөнкүдөй ченемдерди белгилөөнү сунуштайбыз:
- кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча "Жалал-Абад ЭФБ" ЭЭЗинин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен өз ара аракеттенүү;
- баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан рыноктун кесипкөй катышуучуларынын ишин лицензиялоону жүзөгө ашыруу;
- кесипкөй катышуучулардын ишин контролдоо жана көзөмөлдөө, ошондой эле баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аларга карата чараларды көрүү.
Жогоруда көрсөтүлгөн тобокелдиктерди четтетүү үчүн мыйзамдын долбооруна тиешелүү ченемдик укуктук ченемдерди киргизүү зарыл. Атап айтканда, ыйгарым укуктуу органга баалуу кагаздар рыногунда "Жалал-Абад ЭФБ" ЭЭЗинин ишкердик субъекттерин тоскоолдуксуз жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген ченемдер менен толуктоону сунуштайбыз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Жалал-Абад эл аралык финансылык борбору" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун берилген сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууну максатка ылайыктуу деп эсептейт.