Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАКЫЯН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бакыян айылдык кеңешинин V-чакырылышынын XXX –сессиясы

2023-жылдын 17-марты № 44

2023-ЖЫЛГА КӨРКТӨНДҮРҮҮ, ЖАШЫЛДАНДЫРУУ, ТАЗАЛЫКТЫ ЖАНА ТАРТИПТИ САКТОО БОЮНЧА ЭРЕЖЕЛЕР ТУУРАЛУУ ЖОБОНУ ЖАНА ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫН БЕКИТҮҮ ЖӨНҮНДӨ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгын аткаруу максатында 2023-жылы көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эрежелер тууралуу Жобо жана иш-чаралар планы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Бакыян айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы тотом кылат:

 

1.Бакыян айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эрежелер тууралуу Жобо жана 2023-жылга белгиленген иш-чаралар планы бекитилсин.

 

2.Иш-чараларды уюштурууга, спонсорлор тарабынан декоративдик арча көчөттөрүн олтургузуу жагы каралсын жана көчөттөрдүн ордун даярдоого, суу менен камсыз кылууга ж.б. ар кандай чыгымдарга жергиликтүү бюджеттин 2215-беренесиндеги бөлүмүнөн 20000 (жыйырма миң), 3113-беренесиндеги бөлүмүнөн 20000 (жыйырма миң) сом акча каражаты каралсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчы Абылгазиев М.М. жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Базарбаев