Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз 32- сессиясы
2021-жылдын 6-февралы № 32-7
Бел айылдык аймагына караштуу Жаш айылындагы «Жаш» толук эмес орто мектебине Жолдошов Нишандин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Бел айыл аймагына караштуу Жаш айылындагы «Жаш» толук эмес орто мектебине Жолдошов Нишандин ысымын ыйгаруу максатында, Бел айылдык кеёешинин мыйзамдуулук, билимберүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 31-беренесине ылайык Бел айылдык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бел айыл аймагына караштуу Жаш айылынын тургундарынын жана “Жаш” толук эмес орто мектебинин жамаатынын 2020-жылдын 20-ноябрындагы №3-протоколунун негизинде “Жаш” толук эмес орто мектеби Нишан Жолдошов атындагы “Жаш” толук эмес орто мектеби деп атоо демилгеси канааттандырылсын.
2. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына жана Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнө аталган токтомду бекитип берүү жагы сунушталсын.
3. Ушул токтомдун негизинде тиешелүү токтом чыгарып, керектелүүчү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Бел айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Бел айылдык кеңешинин төрагасы | Т. Бекботоев |