Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз 32- сессиясы
2021-жылдын 6-февралы № 32-8
Бел айыл аймагына караштуу Жаш айылындагы Нишан Жолдошов атындагы «Жаш» толук эмес орто мектебин жалпы билим берүүчү орто мектебине өзгөртүү жөнүндө
Бел айылды каймагына караштуу Жаш айылындагы Нишан Жолдошов атындагы “Жаш” толук эмес орто мектебин жалпы билим берүүчү орто мектебине өзгөртүү максатында, Бел айылдык кенешинин мыйзамдуулук, билим берүү,саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 31-беренесине ылайык Бел айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бел айыл аймагына караштуу Жаш айылындагы Нишан Жолдошов атындагы “Жаш” толук эмес орто мектеби Нишан Жолдошов атындагы “Жаш” жалпы билим берүүчү орто мектеби деп атоого макулдук берилсин.
2. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына жана Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнө аталган токтомду бекитип берүү жагы сунушталсын.
3. Ушул токтомдун негизинде тиешелүү токтом чыгарып, керектелүүчү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Бел айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Бел айылдык кеңешинин төрагасы | Т. Бекботоев |