АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 04-майы № 154-28
“Муницкурулуш” МИге субсидия бөлүп берүү жөнүндө
“Муницкурулуш” МИге директорунун 2023-жылдын 28-февралындагы № 3 жергиликтүү бюджеттен субсидия бөлүп берүү боюнча катын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 22-беренесинин 5-пунктун, 51-беренесин жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесин жетекчиликке алып, Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. “Муницкурулуш” муниципалдык ишканасын кармоого жергиликтүү бюджеттен 1 344 000 (бир миллион үч жүз кырк төрт миң) сом өлчөмүндө субсидия бөлүп берилсин.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |