АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 04-майы № 155-28
Блокадада болгон аялга батир берүү жөнүндө
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына байланыштуу жана Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Колбаевдин Ленинград блокадасында болгон аялга батир сатып берүү жөнүндө маалыматын угуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Ленинград блокадасында болгон 1939-жылы туулган Петкявичене Валентина Исаковна үчүн батир сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 2090 000 (эки миллион токсон миң) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Председатель | А.П. Филимоненко
|