БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 2- сессиясынын
2021-жылдын 10-июну № 2-2
Бел айыл аймагынын Борбаш айылындагы “Күңгөй-Нуру” башталгыч мектебин толук эмес орто мектебине өткөрүү жөнүндө
Бел айыл аймагындагы “Күңгөй-Нуру” башталгыч мектебинин 2021-жылдын 8-июнундагы педагогикалык кеңеш менин жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап Бел айылдык кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 2-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.”Күңгөй-Нуру” башталгыч мектебинин 2021-жылдын 8-июнундагы педагогикалык кеңешмесинин жыйынынын протоколунун чечими канааттандырылсын.
2. Бел айыл аймагынын Борбаш айылындагы “Күңгөй-Нуру” башталгыч мектебин толук эмес орто мектебине өткөрүү жагы Бел айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Бел айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Бел айылдык кеңешинин төрагасы | Ураимов М.А. |