Редакцияот 04.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 04-майы № 157-28

Кирешелер  жана чыгашалар планын тактоо жөнүндө

 

          Бюджеттик комиссиянын жана Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Колбаевдин 2023-жыл үчүн бюджеттин киреше бөлүгүнүн планын ашыра аткаруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, өндүрүштүк зарылдыкка байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

 

 ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. 2023-жылдын 1-жарым жылдыгынын киреше планын тактоого байланыштуу төмөнкү салыктар боюнча план көбөйтүлсүн:

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы – 2000,0 миң сом

Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди сатуу – 1000,0 миң сом

Баары: 3000,0 миң сом

2. Буга ылайык бюджеттик эсеп боюнча смета төмөнкү бөлүмдөр боюнча көбөйтүлсүн:

   ТКЧ 2215-б. -900,0 миң сом

   ТКЧ 3111-б. -700,0 миң сом

   Баары: 3000,0 миң сом

3. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.П. Филимоненко