Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-сентябрындагы № 1
Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки башкы планын бекитүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 14.08.2023-жылдагы чыгыш №01-19/2954 сандуу катты, шаардык кеӊештин кенейтилген жыйынында каралып, комиссиянын корутундусунун негизинде, Жалал-Абад шаарынын мэри Э.Ормоковдун баяндамасын угуп, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңештин кезексиз XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊештин 16.03.2009-жылдагы V сессиясынын №3-токтому жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан даярдалган 2040-жылга чейинки Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүнүн башкы планы бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарына Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагы толугу менен, Ырыс айыл аймагынын Масадан, Ладан-Кара, Дөмөр, Тейит айылдары, Ырыс айылы (Бишкек-Ош трассасынын түндүк чыгыш тарабы) жана Барпы айыл аймагынын Пригородный айылы толугу менен, Чоко-Дөбө айылынан 213 кожолук өткөрүүгө макулдук берилсин.
4. Жалал-Абад шаарында архитектуралык жана шаар куруу иш чаралары бекитилген башкы пландын негизинде жүргүзүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине, Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектруа боюнча башкармалыгынын башчысына жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад филиалынын директоруна милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Н.Орозбаев |