ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
IX чакырылыш кезексиз XXXII сессия
2023-жылдын 28-сентябрындагы № 3
Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондунан Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгында жайгашкан Төш-Кутчу айылына заманбап кичи футболдук аянтчасын куруу долбоорго макулдук берүү жана үлүштүк каржылоосун бөлүп берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 18.09.2023-ж. чыг.№01-19/3412-сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, комиссиянын корутундусунун негизинде, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондунан «Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгында жайгашкан Төш-Кутчу айылына заманбап кичи футболдук аянтчасын куруу» долбоорунун сметалык баасы 14219866 (он төрт миллион эки жүз он тогуз миӊ сегиз жүз алтымыш алты) сом түзгөн долбоорго макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондунан Жалал-Абад шаарынын мэриясына сметалык баасы 14219866 (он төрт миллион эки жүз он тогуз миӊ сегиз жүз алтымыш алты) сом түзгөн Жалал-Абад шаарындагы «Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгында жайгашкан Төш-Кутчу айылына заманбап кичи футболдук аянтчасын куруу» долбоордун жалпы суммасынан 30% тактап айтканда 4265960 (төрт миллион эки жүз алтымыш беш миӊ тогуз жүз алтымыш) сом акча каражатын Жалал-Абад шаарынын бюджетинен үлүштүк каржылоого каралган акча каражатынан бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) жогорудагы долбоорду ишке ашыруу боюнча мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, финансы, каржы жана салык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Н.Орозбаев |