Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-июлу № 163-28
Аламүдүн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-январындагы № 127-28 токтомуна КР ИИМдин видеобайкоосун орнотуу үчүн жер участогун өткөрүп берүү жөнүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттары Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин 2023-жылдын 29-июнундагы чыгыш № 578 “Коопсуз айыл” долбоорунун негизинде Аламүдүн районунун Аламүдүн РИИБнин балансына мөөнөтсүз пайдаланууга:
1. Аламүдүн айылы Суворов - Пролетарская көчөлөрүнүн кесилишиндеги;
2. Аламүдүн айылы Алма-Ата - Чугуев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер участогун өткөрүп берүү жөнүндө катын карап чыгып жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1.Видеобайкоо үчүн “Мегаком” компаниясынын базалык станциясын орнотууга Аламүдүн айылы Суворов-Пролетарская көчөлөрүнүн кесилишинен аянты S = 16 м2 жана Алма-Ата-Чугуева көчөлөрүнүн кесилишинен аянты S = 3 м2 жер участогун Аламүдүн РИИБнин балансына бекер өткөрүп берүү жактырылсын. 2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |