Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-ноябры № 670
Айрым мамлекеттик органдарга терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө компетенцияларды берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 124, 2025-жылдын 10-июнундагы № 328, 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы N 124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө жободо:
- 7-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- мигранттардын арасында алардын террористтик ишке тартылышын болтурбоо максатында, анын ичинде алардын арасында терроризмдин маңызын жана коркунучтуулугун түшүндүргөн материалдарды таратуу жолу менен иш жүргүзөт;";
4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- терроризм актысынын кесепетинен жабыр тарткан адамдарды жана ага бөгөт коюуга катышкан адамдарды ишке орноштуруу маселелери боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;";
5-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан берилген материалдардын жана сунуштамалардын негизинде жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларынын, жумушсуз жарандардын, турмуштук оор кырдаалдагы балдардын, мигранттардын арасында терроризмдин алдын алуу боюнча иш-чараларды, анын ичинде терроризмге каршы пикирди түзүү максатында терроризмдин маңызын жана коркунучун түшүндүрүү боюнча брошюраларды, видеороликтерди чыгаруу жолу менен өткөрүүнү уюштурат;".
5. Бул токтомду ишке ашыруу ишке тартылган мамлекеттик органдар үчүн бекитилген штаттык сандын жана республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |