Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ
2002-жылдын 26-сентябры № 256
XXI кылымдын Эл аралык билим берүү жана илим борборун түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасын эл аралык илим-билим шериктештигине андан ары интеграциялоо, азыркы шартта кадрларды даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун инновациялык ишти жана маалыматтык-коммуникациялык технологияны өнүктүрүү, кыргыз-россия мамилелерин чыңдоо максатында жана 2001-жылдын 4-июнунда Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) тараптар тарабынан кол коюлган Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы менен Россиянын ишкердик академиясынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун чегинде токтом кылам:
1. Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Эл-Нуру" пансионатынын мүлктүк комплексинин базасынын айрым бөлүгүндө XXI кылымдын Эл аралык билим берүү жана илим борбору (мындан ары - Борбор) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы Россиянын ишкердик академиясы менен макулдашуу боюнча эки айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдүн долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин:
- Борбордун уставынын жана башка уюштуруу документтеринин;
- 2003-2004-жылдарга Борбордун ишин өнүктүрүү концепциясын жана аны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:
- ушул Указдан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин, анын ичинде "Эл-Нуру" пансионатынын мүлктүк комплексинин айрым бөлүгүн аныктоо; Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын атайын каражаттарынын эсебинен Борбордун чыгымдарын толук же жарым-жартылай жабууну белгилөө;
- өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.
4. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 283 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ