Редакцияот 24.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2021-жылдын 24-майы № 1

 

Курманбек айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджеттик чыгымдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы, Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын №1, №2, №4 токтомдоруна бюджеттик классификацияга ылайык өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жана айыл өкмөтүнүн кошумча каражаттарынын эсебинен түшкөн акча каражаттарына киреше планын көтөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде төмөндөгүдөй токтом кылат:

ТОКТОМ :

1. Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын №2-токтому менен бекитилген 2021-жылдын 1-январына калган бюджеттик каражаттан 109,7миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык Саты айылынын Коргон-Төбө, Жоон-Күнгөй айылынын Чалов Сыдык жана Кара-Чолок айылынын Чекиев К., Калмурзаев М.көчөлөрүнүн ички жолдорун асфальттого,курулуш иштерине бөлүнгөн акча каражаты жогорудагы долбоорго техникалык көзөмөлдөөчү адистин кызматы үчүн кетүүчү чыгымдарга жумшалсын.

2. Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын №1-токтому менен бекитилген Саты айылынын Коргон-Төбө, Жоон-Күнгөй айылынын Чалов Сыдык жана Кара-Чолок айылынын Чекиев К., Калмурзаев М. көчөлөрүнүн ички жолдорун асфальттого курулуш иштерине бөлүнгөн 447,4 миң сом акча каражатынын 216,0 миң сому жогорудагы долбоорго техникалык көзөмөлдөөчү адистин кызматы үчүн кетүүчү чыгымдарга, 231,4 миң сом (калган акча каражаты) айыл өкмөтүнүн эсебинен АПУ, ИТУ, сурөттөмө, экспертиза, инженердик изилдөө иштерин каржылоого кеткен чыгымдарга жылдырылсын.

3. Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын №1-токтомунун негизинде айылдык кенештин жооптуу катчы кызматын күтүүгө бөлүнгөн эмгек акыдан 83,4 миң сом, ал эми анын социалдык фондко болгон чегерүүсүнөн 12,4 миң сом, жалпысы 95,8 миң сом үнөмдөлгөн акча каражаты жогорудагы кызмат вакантта болгондуктан айыл өкмөтүнүн электр энергиясын каржылоого кетүүчү чыгымдарына жылдырылсын.

4. Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын №4-токтомунун негизинде:

1. Кыргыз Республикасынынсалык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык,айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгынын базалык ставкасы 2021-жылдын 1-январынан тартып 82 сом 60 тыйындан 165 сом 20 тыйынга көтөрүлсүн. Жалпысы айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгынын планы 536,4 миң сомго көтөрүлсүн.

2. Саты айылындагы “Нур телеком” ишканасынын 1 базалык станциясы ишке киргендигине байланыштуу калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы салыгы 240,0 миң сомго көтөрүлсүн.

3. Айыл чарба багытында эмес жерлерди сатуудан кошумча тушкон акча каражаттарынын эсебинен жогорудагы салыктын киреше планы 177,5 миң сомго көтөрүлсүн.

4. Жогорудагы көтөрүлгөн салыктардан түшкөн акча каражаттарынын 919,0 миң сому Жоон-Күнгөй айылындагы Чалов Сыдык, Саты айылындагы Коргон-Төбө жана Кара-Чолок айылындагы Калмураев Мамыт, Чекиев Кармышак көчөлөрүн асфальттоого курулуш иштерине бөлүнгөн акча каражаты айыл окмотунун эсебинен АПУ, ИТУ, сурөттөмө, экспертиза, инженердик изилдөө иштерине каржылоого кеткен чыгымдарды каржылоого, ал эми 34,9 миң сому Канжыга айылындагы бала бакчанын курулушу үчүн керектуу иш кагаздарын бүткөрүүгө кетүчү чыгымдарга жумшалсын.

5. 2021-жылдын бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө бюджеттик классификацияга ылайык өзгөртүү киргизүү жагы ФЭБ башчысы жуктолсун жана планга тактоо киргизуу жагы Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасы Н. Абдукаимовко жана айыл өкмөт башчысы Д.Бакировко жүктөлсүн.

    

 

 Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы

Ж. Салаев