Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 283 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ
2001-жылдын 2-майы ПУ № 150
Кыргыз Республикасынын айыл жериндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын нормативдик укуктук актылар менен камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Азыркы учурда жер-жерлерде мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоонун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айылдык органдарынын ишинин сапатын бардык чаралар менен жогорулатууга зор маани берүү менен жана аларды нормативдик укуктук актылар менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылууну уюштуруу максатында токтом кылам:
1. Айыл жериндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары чыгарган мыйзам жана башка нормативдик укуктук актылар менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылуу боюнча бекем базаны түзүү аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эң маанилүү милдеттеринин бири деп эсептелсин.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана бардык деңгээлдеги кеңештер баштапкы деңгээлдеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жылдык бюджетинин долбоорун иштеп чыгууда "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына жазылууга жана сатып алууга чыгымдар" деген атайын статьяны милдеттүү түрдө карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- эки айлык мөөнөттө бардык нормативдик укуктук актыларды алуучуларга - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айылдык жана поселкалык органдарына чейин жеткирүүнүн жолдорун жана ыкмаларын кошуп алганда баштапкы деңгээлдеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын алар менен камсыз кылуу механизмин иштеп чыксын жана бекитсин;
- республикалык бюджеттин долбоорунун чыгаша бөлүгүндө мамлекеттик бийлик органдарынын нормативдик укуктук актыларын жетиштүү санда жарыялоого атайын каражаттарды карасын;
- баштапкы деңгээлдеги бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормативдик укуктук актыларга жазылуусун жана сатып алуусун, ошондой эле аларды адресатка чейин туруктуу жана өз убагында жеткирип турууга жооптуу мамлекеттик органды аныктасын.
4. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жалпы бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |