Редакцияот 22.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 22-декабры  № 190-28

Аламүдүн айыл аймагында Муниципалдык мектепке чейинки мекемелерде кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө боюнча жеңилдиктер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

           Жобонун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Аламүдүн айыл аймагында Муниципалдык мектепке чейинки мекемелерде кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө боюнча жеңилдиктер жөнүндө жобо бекитилсин. 2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага        

 А.П. Филимоненко

 

 

 

                                                                                          

                                                                  Аламүдүн айылдык кеңешинин

                                                                                   2023-жылдын 22-декабрындагы

                                                                   № 190-28 токтому менен бекитилген

 

 

Аламүдүн айыл аймагында муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча жеңилдиктер жөнүндө

ЖОБО

 

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Ушул Жобо Аламүдүн айыл аймагында муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү тартибин аныктайт.

2.Ушул Жобо жарандардын айрым категорияларын социалдык жактан колдоого багытталган.

3. Аламүдүн айыл аймагында муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча жеңилдиктер кызматтардын баасынан 50% өлчөмүндө жарандардын төмөнкү категориясына берилет:

- Аламүдүн айыл аймагында муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине;

-  Аламүдүн айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине;

- Аламүдүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканаларынын жана мекемелеринин кызматкерлерине;

-  багуусунда төрт жана андан көп балдары бар ата-энелерге;

-  үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө туура келген жан башына бөлүнгөн орточо киреше минималдуу эмгек акынын өлчөмүнөн ашпаган үй-бүлөлөрдүн ата-энелерине.

 

2. Муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү тартиби

 

4.Муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү чечимин Аламүдүн айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн атайын комиссия чыгарат.

5.Комиссиянын курамы Аламүдүн айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнөн, Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынан, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринен, коомдук уюмдардын, райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн ж.б. түзүлөт. Комиссиянын сандык курамы кеминде – 5 киши. Комиссия түзүү жөнүндө чечим жана анын курамы Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.

6.Комиссиянын ишинин уюштуруучулук формасы болуп комиссиянын отуруму саналат. Комиссиянын отуруму, эгерде ага анын курамынын жарымынан кем эмеси катышса, укук ченемдүү деп эсептелет. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет. Эгерде отурумга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелет.

7. Комиссиянын отурумдары документтер келип түшкөнүнө жараша кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Жеңилдиктер бир календардык жылдын мөөнөтүнө таризделет.

8. Муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү үчүн документтердин тизмеси (жеңилдик алуучулардын категориясына жараша):

- Аламүдүн айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин арызы;

- Аламүдүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканаларынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин арызы;

- комиссиянын төрагасынын атына ата-энелердин арызы;

- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

- ата-энелердин паспортторунун көчүрмөлөрү;

- иштеген жеринен маалымкат;

- жашаган жеринен үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат;

- үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешеси тууралуу маалымкат (эгерде иштебесе, анда калкты иш менен камсыз кылуу борборунан маалымкат);

- аталган жарандар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн категориясына киргендиги тууралуу социалдык өнүктүрүү бөлүмүнөн маалымкат;

- камкорчулукту ырастоочу документтер (зарыл болсо).

 

3. Корутунду жоболор

9. Ушул Жобо, өзгөртүүлөр, толуктоолор Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.