АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-декабры № 191-28
Кошумча акы жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевдин катын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августу ПЖ № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгынын 4 жана 5-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августу № 433 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомунун 4 жана 5-пункттарына ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен 2024-жылдын 1-январынан тартып төмөнкү муниципалдык кызматкерлердин кызматтык маянасына төмөнкү өлчөмдө кошумча акы төлөөгө уруксат берилсин.
- башчыга – 60%;
- башчынын орун басарына, жооптуу катчыга - 40%;
- айылдык кеңештин жооптуу катчысына – 40%;
- ФЭБдин жетекчисине, башкы жана жетектөөчү адистерге – 40%;
- адистерге, аскердик-эсепке алуу столунун тескөөчүлөрүнө жана жүргүнчүлөрдү ташуу кызматкерлерине, кенже тейлөөчү кызматкерлерге – 40%.
Баары айына: - 145855 сом.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |