Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXХ сессиясынын
2024-жылынын 13-сентябры №6
“Шаардык мэриянын 11.09.2024-жылдагы ““Таш-Көмүр шаарынын жүргүнчүлөрүнүн муниципалдык автобазасы” муниципалдык ишканасын уюштурууга макулдук берүү жана ишкананын Жобосун бекитип берүү тууралуу» №01-14/2743 кайрылуу каты жөнүндө”.
Шаардык мэриянын 11.09.2024-жылдагы ““Таш-Көмүр шаарынын жүргүнчүлөрүнүн муниципалдык автобазасы” муниципалдык ишканасын уюштурууга макулдук берүү жана ишкананын Жобосун бекитип берүү тууралуу» №01-14/2743 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХХ чакырылышынын кезексиз 30 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 11.09.2024-жылдагы ““Таш-Көмүр шаарынын жүргүнчүлөрүнүн муниципалдык автобазасы” муниципалдык ишканасын уюштурууга макулдук берүү жана ишкананын Жобосун бекитип берүү тууралуу» №01-14/2743 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. “Таш-Көмүр шаарынын жүргүнчүлөрүнүн муниципалдык автобазасы” муниципалдык ишканасын уюштурууга макулдук берилсин.
3. “Таш-Көмүр шаарынын жүргүнчүлөрүнүн муниципалдык автобазасы” муниципалдык ишканасынын Жобосу бекитилсин. /Жобо тиркелет/
4. “Таш-Көмүр шаарынын жүргүнчүлөрүнүн муниципалдык автобазасы” муниципалдык ишканасын ачуу боюнча иш кагаздарын даярдоо жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
6. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |
БЕКИТИЛДИ Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХХ чакырылышынын 2024-жылдын 13-сентябрындагы кезексиз 30-сессиясынын 6-токтому |
1. Жалпы жоболор
2. Негизги милдеттери жана функциялар
3. Мекеменин мүлкү
4. Негизги укуктары жана милдеттери
5. Муниципалдык автобазанын ишмердүүлүгүн уюштуруу жана башкаруу
6. Материалдык-финансылык отчеттуулук жана көзөмөл
7. Мекеменин максаты, түрү жана ишмердүүлүгү
8. Эмгек мамилелери
9. Жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазаны кайрадан уюштуруу жана жоюу
1. Жалпы жоболор
1.1. Таш-Көмүр шаарынын жүргүнчүлөрдүн муниципалдык автобазасы, мындан ары «Автобаза», өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет, өзүнүн балансында негизги жана жүгүртмө каражаттарга ээ.
1.2. Автобазанын уюштуруучулук-укуктук формасы боюнча чарбалык эсептин принциптеринде аракеттенүүчү жана өзүн-өзү каржылоочу муниципалдык мекеме болуп эсептелет.
1.3. Автобаза өзүнүн ишмердигин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору, тескемелери, Таш-Көмүр шаардык депутаттар кенешинин токтомдору, Таш-Көмүр шаардык мэриясынын токтом, буйруктары жана ушул Жобонун негизинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт.
1.4. Автобаза өз алдынча баланска, банктык мекемелердеги эсептешүүчү жана башка эсептерге, өздүк баланска, шаардык казына бөлүмүндө бюджеттик жана атайын эсепке, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилиндеги герби бар мөөрүнө, бланкына жана бурчтуу штампка ээ, өзүнө коюлган милдеттерди аткаруу үчүн керектүү аракеттерди жана операцияларды ишке ашырат.
1.5. Мекеменин толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: "Таш-Көмүр шаарынын жүргүнчүлөрдүн муниципалдык автобазасы" мекемеси;
Расмий тилде: "Муниципальная пассажирская автобаза города Таш-Көмүр"
Юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: "Таш-Көмүр шаарынын жүргүнчүлөрдүн муниципалдык автобазасы" м-и;
Расмий тилде: У-е "Муниципальная пассажирская автобаза города Таш-Көмүр"
1.6. Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр шаары, Биринчи май көчөсү №1,
2. Негизги милдеттери жана функциялары
2.1. Мекеменин негизги милдети болуп, шаардагы жүргүнчүлөрдү ташуу эсептелет. Шаардын калкынын жана конокторун, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча муктаждыктарын канааттандыруу, пайдакерликтин негизинде, эмгек жамаатынын жана негиздөөчү менчик ээсинин социалдык жана экономикалык кызыкчылыктарын ишке ашыруу.
2.2. Бекитилген тартипте, ыкчам, статистикалык жана эсептик отчеттуулукту камсыз кылуу.
2.3. Автобустарды эксплуатациялоону жана күнүмдүк оңдоп-түзөтүүнү ишке ашыруу.
2.4. Шаардын тургундарын тейлөө маселесин жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо жана шаардык мэриясына сунуштоо.
2.5. Материалдык-техникалык камсыздоо боюнча билдирмелердин
планын иштеп чыгуу жана Таш-Көмүр шаардык мэриясынын кароосуна берүү.
2.6. Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана алардын үстүнөн көзөмөлдөөнү ишке ашыруу.
2.7. Эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, каражаттарды жана материалдык-техникалык, отун-энергетикалык ресурстарды үнөмдөөгө көмөктөшүүчү, жаңы техниканы, технологияны киргизүү, эмгекти илимий уюштуруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
2.8. Таш-Көмүр шаарынын жүргүнчүлөрдүн муниципалдык автобазасынын коопсуздук техникасын жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча жоопкерчилик тартат.
2.9. Автобаза сот органдарында доогер жана жоопкер катарында өтө алат.
3. Мекеменин мүлкү
3.1. Таш-Көмүр шаардык мэриясы Автобазага кийинки ишмердиги үчүн уставдык фонд жана жүгүртмө каражаттарды бөлүп берет.
3.2. Мекеменин мүлкү Таш-Көмүр шаардык мэриясынын муниципалдык менчиги болуп эсептелет жана Автобазанын ыкчам башкаруу укугун бекитип берет. Автобазага бекитилип берилген мүлктү ээлигинен ажыратууга, же башка да ыкма менен башкарууга, ал мүлктүн ээсинин макулдугу менен гана укуктуу.
3.3 Автобаза мэриянын милдеттенмелери боюнча жооп берет, ал эми Таш-Көмүр шаардык мэриясы мекеменин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
4. Мекеменин негизги укуктары жана милдеттери
4.1 Автобаза өзүнүн уставдык милдеттерин ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- карамагындагы каржылык ресурстардын, насыялардын, ссудалардын жана башка булактардын эсебинен, негизги жана жүгүртмө каражаттарды сатып алууга, же ижарага алууга:
- Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 230-беренеси менен бекитилген тартипте, кыймылсыз мүлктү сатууга (өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө ж.б.) же башка жол менен шаардык мэриясынын макулдугусуз ээликтен ажыратууга укуксуз;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде тышкы экономикалык ишмердүүлүктү ишке ашырууга;
- керектөөчүлөрдүн, кызмат көрсөтүүлөргө, продукцияларга жана аткарылуучу жумуштарга болгон талаптарынын негизинде, өндүрүштү материалдык-техникалык камсыздоону ишке ашырууга жана мекеменин социалдык сферасын өнүктүрүүгө, өзүнүн ишмердүүлүгүн пландоого жана өнүгүүнүн келечегин аныктоого.
4.2. Автобаза төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- жумушчуларынын эмгегинин коопсуздук шарттарын камсыздоого;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу түзүлгөн келишимдерге ылайык милдеттенмелерин аткаруу мекеменин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана башка түрдөгү милдеттүү камсыздандырууну ишке ашыруу, статистикалык жана салыктык отчетторду өз убагында берүү, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдуулугу менен аныкталуучу тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды төлөөгө.
4.3. Мекеме төмөндөгү бузуулар үчүн жоопкерчилик тартат:
- келишимдик, насыялык, эсептик жана салыктык милдеттенмелер;
- өндүрүштүк коопсуздуктун эрежелери; - ишчилердин ден-соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян.
5. Муниципалдын автобазанын башкаруу ишмердүүл уюштуруу жана
5.1. Автобаза өзүнүн ишмердиги боюнча Таш-Көмүр шаардык мэриясына баш ийет.
5.2. Таш-Көмүр шаарынын жүргүнчүлөрдүн муниципалдык автобазанын башчысын Таш-Көмүр шаарынын мэри дайындайт жана бошотот.
5.3. Автобазанын штаттык тартибин, чыгашалардын жана кирешелердин сметасын шаардын мэри менен макулдашат.
5.4. Таш-Көмүр шаардык мэриясы Кыргыз Республикасыныни Мыйзамдарынын негизинде эмгек тартибин орнотот жана бекитилген фонддун чектеринде ишчилердин эмгек акысын бекитет. Акы төлөө үчүн бөлүнгөн каражаттар, эмгек жамаатынын мүчөлөрүнүн айлык акысына, мекеме үчүн жумуштарды жана тейлөөнү аткаруу үчүн эмгек келишими менен иштешкен адамдарга коротулат.
5.5. Администрация жана эмгек жамаатынын мүчөлөрүнүн ортосундагы эмгек мамилелери, эмгек жөнүндөгү мыйзамдуулук менен жөнгө салынат жана контракт менен бекемделет.
5.6. Мекеменин ишин уюштуруучу директор тарабынан башкарылат
жана анын ишмердиги үчүн персоналдуу жоопкерчилик тартат.
5.7. Таш-Көмүр шаарынын мэри тарабынан кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу башчы жетектейт;
5.8. Мекеменин башчысы келишимдерди түзөт, ишеним каттарын берет,
керектүү учурларда банк мекемелериндеги эсептешүү жана башка эсептерди ачат, ыйгарым укугунун чегинде мекеменин мүлкүн башкарат. Штаттык тартипке ылайык кадрларды дайындайт.
6. Материалдык-финансылык отчеттуулук жана көзөмөл
6.1. Негизги жана жүгүртмө каражаттарды тутунуу боюнча мекеменин ишмердигин каржылоонун булактары, жергиликтүү бюджеттен жана жүргүнчүлөрдү тейлөөдөн түшүүчү кирешелерден түзүлөт.
6.2. Мекеме мыйзамдуу бекитилген тартипте бухгалтердик жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт, мамлекеттик жана муниципалдык органдарга керектүү маалыматтарды берет жана анын ишенимдүүлүгү үчүн
жоопкерчилик тартат.
6.3. Мекеменин ишмердигин ревизиялоо жана көзөмөлдөө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат.
7. Мекеменин максаты, түрү жана ишмердүүлүгү
7.1. Мекеменин максаты болуп, шаардык жүргүнчү ташууларды ишке ашыруу, киреше табуунун негизинде, эмгек жамаатынын мүчөлөрүнүн жана негиздөөчүнүн социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын ишке ашыруу эсептелет.
7.2. Мекеменин башкы максаты болуп, шаардын калкынын, жүргүнчүлөрдүү ташуудагы муктаждыгын канааттандыруу, транспорттук процессти өркүндөтүү, жүргүнчүлөрдү ташуу жаатында бирдиктүү илимий- техникалык саясатты жүргүзүү, ташуулардын коопсуз шарттарын камсыздоо аркылуу, транспорттук кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу.
7.3. Мекеменин ишмердигинин негизги түрү болуп, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүү эсептелет.
7.4. Кызмат көрсөтүү сферасындагы ишмердүүлүк:
- айдоочу персоналын, сапаттуу жана комфортабелдүү тейлөөгө
үйрөтүү;
- менчик жана ижарага алынган бардык маркадагы транспортту тартуу аркылуу жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу боюнча кызмат көрсөтүү;
- мекемелерди тейлөө жана жарандарды башка да автотранспорттук, автосервистик тейлөө;
- шаардын аймагындагы каттамдарда иштөө үчүн менчик жана ижарага
алынган транспортту тартуу (пайдалануу);
- бардык маркадагы жеке жана арендалык автотранспорт каражаттарын тартуу менен Кыргыз Республикасынын ичинде шаарлар аралык жана ички ташуулар жана туризм тармагына кызмат көрсөтүү;
7.5 . Коммерциялык ишмердүүлү:
- жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу;
- шаардын жашоочуларынын буюртмаларынын негизинде жүргүнчүлөрдү ташуу;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ишмердүүлүктүн түрлөрү.
7.6. Атайын уруксатты талап кылган ишмердүүлүктүн түрлөрүн, башкача айтканда, жүргүнчүлөрдү ташууну, мекеме, КРнын аракеттеги Мыйзамдуулугуна ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү лицензиянын негизинде ишке ашырат.
7.7. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиянын негизинде атайын уруксаттарды талап кылган иштин түрлөрү боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашырат.
8. Эмгек мамилелери
8.1. Автобазанын жумушчуларынын эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын Эмгек Мыйзамынын ченемдери тарабынан жөнгө салынат.
8.2. Автобазанын жумушчуларынын эмгек режими жана эс алуусу, алардын социалдык камсыздоосу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
9. Мекемени жоюу жана кайрадан түзүү
9.1. Мекеменин ишмердигин токтотуу, аны жоюу, же кайрадан түзүү түрүндө ишке ашырылат.
9.2. Анын ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндөгү чечим Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңеши тарабынан кабыл алынат.
9.3. Ал кайрадан түзүлгөндө, укуктар жана милдеттер укук мураскерине өтөт.
9.4. Мекеме жоюлган учурда Таш-Көмүр шаардык мэриясы, Мыйзам боюнча бекитилген тартипте аракеттенүүчү жоюучу комиссияны түзөт.
9.5. Мекеме жоюлган учурда, мекеменин мүлкү, мэриянын ээлигине өтөт.
9.6. Мекеме жоюлган, же кайрадан түзүлгөн учурларда, бошотулган ишчилерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, алардын укуктарына кепилдик берилет.
Аппарат жетекчиси Н.А.Боронбаев