Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXХ сессиясынын
2024-жылынын 13-сентябры №7
““Таш-Көмүр шаардык Кенешинин депутаттарынын “Көк-Кыя дарыясында жана Тактазан жайлоосунда казылып жаткан алтын кендеринин айлана-чөйрөгө келтирип жаткан зыяндуулугу боюнча сессияда кароо тууралуу” кайрылуу каты жөнүндө”.
Таш-Көмүр шаардык Кенешинин депутаттарынын “Көк-Кыя дарыясында жана Тактазан жайлоосунда казылып жаткан алтын кендеринин айлана-чөйрөгө келтирип жаткан зыяндуулугу боюнча сессияда кароо тууралуу” кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин депутаты К.Сооронбаевдин билдирүүсүн жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 30-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык Кенешинин депутаттарынын “Көк-Кыя дарыясында жана Тактазан жайлоосунда казылып жаткан алтын кендеринин айлана-чөйрөгө келтирип жаткан зыяндуулугу боюнча сессияда кароо тууралуу” кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин депутаты К.Сооронбаевдин билдирүүсү жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Аксы районуна караштуу Көк-Кыя дарыясында жана Тактазан жайлоосунда казылып жаткан алтын кендеринин Таш-Көмүр жана Шамалдуу-Сай шаарларынын калкына, Нарын дарыясына, жалпы эле айлана-чөйрөгө болгон зыяндуулугун жеринде көрүп иш алып баруу максатында, шаардык мэриянын алдында комиссия түзүү жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |