Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 12-январы  № 199-28

                                               Соттун чечими жөнүндө

 

            Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевдин Аламүдүн райондук сотунун чечимин, Чүй облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтомун каттоо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. Төмөнкүлөрдү тиркемеге ылайык каттоого уруксат берилсин:

 

-  Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун 2023-жылдын 27-февралындагы №ЖИ-175/23Ч1 чечимин;

 

- Чүй облустук сотунун 2023-жылдын 22-майындагы № АЧ-05-326-23-ЖИ жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасын;

 

-  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 28-сентябрындагы ЖС №05-1504/23 ЖИ токтомун.

 

2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага         

 

 А.П. Филимоненко