Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 12-январы  № 200-28

                                 Мүчөлүк төгүмдү бекитүү жөнүндө

 

             Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигине Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен жыл сайын 130000 (жүз отуз миң) сом өлчөмүндөгү мүчөлүк төгүм бекитилсин.

2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын. 

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн. 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

 А.П.Филимоненко