КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 24-майы № 5
А.Касымалиев менен К. Исмаиловдордун сунушу жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы, айылдык кеңештин депутаты Касымалиев Айбектин жана Исмиалов Кубанычбектин айыл өкмөт башчысына берген сунушунун негизинде,Курманбек айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саты жалпы билим берүүчү орто мектебинин айланасынан жаштар үчүн спорттук аянтча куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына жана Саты айылынын айыл башчысына жүктөлсүн;
2. Калмак-Кырчын айылындагы Өгүз-Колот участкасы ижарага туура эмес берилген деген элдин нааразычылыгы болуп жаткандыктан, комиссия курамы Өгүз-Колот участкасындагы ижарага берилген жер тилкелеринин мыйзамдуулугун кайрадан карап чыгып, мал жайыт боюнча элдин талабын канааттандыруу жагын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин;
3. Тамга-Терек участкасындагы булактын жанындагы жер көчкү жолго жетип калгандыктан ӨКМ менен алдын ала иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин мыйзамдуулук жана укуктук этика маселелер боюнча, Айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы | Ж.Ж.Салаев |