Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-ноябры № 673
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансында турган имаратты Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бала бакчалардын жетишсиздигин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 "Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик "Ысык-Көл" инвестициялык банкы" ачык акционердик коомунун Каракол шаары, Гебзе көчөсү, 84 дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 2-01-03-0089-0018, наркы 30773200 (отуз миллион жети жүз жетимиш үч миң эки жүз) сом, 5604,0 кв.м жер участогундагы чарбалык курулуштары менен бирге аянты 942,8 кв.м турак эмес имаратын белгиленген тартипте Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттер жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана бала бакча катары пайдалануу үчүн муниципалдык менчикке өткөрүп берилет деп белгиленсин.
3. Каракол шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) жогоруда көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү объекттерди мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
3) көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү объекттерди жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен талаптагыдай күтүүнү жана тейлөөнү камсыз кылуу;
4) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди андан ары ажыратууну жүргүзбөө жана аларды максаттуу багыты боюнча пайдалануу.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |