ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 30-октябрындагы № 2500-VII «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын 2025-жылга карата Чыңгыз Айтматов атындагы акчалай сыйлыгынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция30.10.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 30-октябры № 2500-VII

 

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын 2025-жылга карата Чыңгыз Айтматов атындагы акчалай сыйлыгынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

"Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын 2025-жылга карата Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V токтомунун 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын 2025-жылга карата Чыңгыз Айтматов атындагы акчалай сыйлыгы 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына көрсөтүлгөн каражатты бөлүп берүү жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын 2025-жылдагы лауреатына аларды которуп берүүнү камсыз кылуу тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары

Дж.К. Исаева