КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 3-июну № 1
Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине , Курманбек айылдык кеңешинин Регламентине ылайык, Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоону өткөрүү жөнундөгү 2021-жылдын 03-июнундагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун карап чыгып, Курманбек айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнүн кызмат ордуна шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жөнундө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын № 2-протоколу бекитилсин.
2. Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алган Түгөйбеков Нурсултан Түгөйбекович шайланды деп эсептелсин.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы | Ж.Ж.Салаев |