Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-октябрындагы № 8/3
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө мүниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесине жана Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобого ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К. Карпеков атындагы орто мектебинин спорт залынын чатыры жана К. Абдылдаев атындагы клубдун чатыры, терезелери реконструкцияланышына байланыштуу андан ары пайдаланууга жараксыз болуп калган мүлк эсептен чыгарылсын.
2. Эсептен чыккан материалдык каражаттарын отунга жана башка максаттар үчүн пайдаланууга жарактуу бөлүгү, Кара-Суу айыл өкмөтүнү керектөөсүнө жана калган бөлүгү Кара-Суу айыл аймагындагы социялдык муктаж жарандарына акысыз негизде бөлүнүп берилсин.
3. Бул Токтомдун аткарылышы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ж Иманкулов |