Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-октябры № 2499-VII
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин
курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Бердиев Аккулу Тагаевич Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. Токтошев Эмиль Токтакунович Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктчада:
- онунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма алтынчы абзац менен толукталсын;
"Токтошев Эмиль Токтакунович - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;";
2) 5-пунктчада:
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Бердиев Аккулу Тагаевич - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;";
- он төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Дж.К. Исаева |