Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-ноябры № 687
Айыл башчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Эмгек келишиминин негизинде жалдануучу айыл башчысынын кызмат ордуна талапкерлерге квалификациялык талаптарды, милдеттерди, критерийлерди аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Айыл башчысы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-октябрындагы № 720 "Кыргыз Республикасынын айылдарынын айыл башчылары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 657 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-октябрындагы № 720 "Кыргыз Республикасынын айылдарынын айыл башчылары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 669 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |