ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын
2024-жылынын 08-апрель №3
«“Таш-Көмүр шаардык шаардык мэриясы” мекемесин кайра каттоо жөнүндө».
“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомуна, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 08.04.2024-жылдагы №01-14/1002 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Садырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 24-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Таш-Көмүр шаардык мэриясы” мекемеси “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, “Таш-Көмүр шаардык мэриясы” мекемеси болуп кайра катталсын.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Таш-Көмүр шаардык мэриясы” мекемеси;
- Расмий тилде: Учреждение “Таш-Кумырская городская мэрия”.
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Таш-Көмүр шаардык мэриясы” м-е.
- Расмий тилде У-е “Таш-Кумырская городская мэрия”;
- “Таш-Көмүр шаардык мэриясы” мекемесинин Убактылуу типтүү жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- “Таш-Көмүр шаардык мэриясы” мекемесинин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр шаары, Шералы Сыдыков көчөсү №24 болуп аныкталсын.
- Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
- Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтар жана мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги ырасталат.
- Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
- Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Н.Садырбаев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |
Бекитилди Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин ХХX чакырылышынын 2024-жылдын 08-апрелиндеги кезексиз 24-сессиясынын №2 токтому |
“Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жобосу”
1. Жалпы жоболор
1. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын ушул Убактылуу типтүү жобосу юридикалык жакты юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана шаардын мэриясынын иш-аракетин жөнгө салат.
2. Мэрия Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы болуп саналат жана өз ишин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
3. Мэрия юридикалык жак болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, өзүнүн фирмалык аталышы жазылган штамптары жана бланктары жана башка тиешелүү атрибуттары болот.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы: - Мамлекеттик тилде – “Таш-Көмүр шаардык мэриясы” мекемеси; - Расмий тилде – Учреждение “Таш-Кумырская городская мэрия”. Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Таш-Көмүр шаардык мэриясы” м-е.
- Расмий тилде У-е ““Таш-Кумырская городская мэрия”.
“Таш-Көмүр шаардык мэриясы” мекемесинин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр шаары, Шералы Сыдыков көчөсү №24.
4. Мэрия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мэрия өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга жана ишке ашырууга, өз мүлкүнө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле келишим түзүүгө, мүлктү сатып алууга, ижарага алууга жана ээликтен ажыратууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу. Мэриянын мүлктүк укуктары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш.
6. Мэрия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык жана эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
2. Шаардык мэриянын ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери
2.1. Реформа жүргүзүлүп жаткан аймактарда “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана башка мыйзам актыларында аныкталган маселелерден тышкары шаардык мэриянын негизги милдеттерине төмөнкү маселелер кирет:
1) Тиешелүү аймакта жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында аныкталган милдеттерди өз компетенциясынын чегинде аткарууну камсыз кылуу;
2) Жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү кошумча ыйгарым укуктар (мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана тескөө, ички чарбалык ирригациялык системаларды пайдалануу, сууну күтүү жана келишимдик шарттарда сугат жерлерине ээлик кылган жана пайдаланган жактарга бөлүштүрүү) көрсөтүлгөн чөйрөлөр боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган саясаттын негизинде мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүлүп берилген учурда алардын аткарылышын камсыз кылуу;
3) калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.
2.2. Реформа жүргүзүлүп жаткан аймактарда “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасыньш башка мыйзамдарында аныкталгандардан тышкары шаар мэриясынын негизги функцияларына кошумча төмөнкүлөр кирет:
1) муниципалдык менчикте турган мүлктү башкаруу жана тескөө, шаар аймагындагы муниципалдык менчигинде турган мүлктүн реестрин жүргүзүү;
2) шаар аймагындагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында чакан жана орто ишкердиктин субьектилерин колдоо, тышкы жана ички инвестицияларды тартуу;
3) мамлекеттик жайыт жерлеринин инфраструктурасын пайдалануу жана күтүү боюнча иштерди жүргүзүү;
4) ички чарбалык ирригациялык системаларды пайдалануу, күтүү жана келишимдик шарттарда сугат жерлерине ээлик кылган жана пайдаланган жактарга суу бөлүштүрүүнүн Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин ченемдерине ылайык жүргүзүү;
5) шаар аймагынын, калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгуу;
6) жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтарды жеткиликтүү жана сапаттуу уюштуруу боюнча чараларды көрүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
7) өз ишин жүзөгө ашырууда адам ресурстарын башкаруу боюнча маалыматтык (автоматташтырылган) системаны пайдалануу;
8) иш кагаздарын жүргүзүүнүн “Инфодокс” электрондук документтештирүү системасы аркылуу камсыз кылуу;
9) “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин негизги багыттарын жүзөгө ашыруу жана “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук байланыш системасы аркылуу мамлекеттик органдарга, башка юридикалык жана жеке жактарга маалымат берүү;
10) жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын эмгектик, финансылык, техникалык жана башка ресурстарын жергиликтүү маанидеги маселелерди жана башка маанилүү маселелерди чечүүгө тартуу;
11) жергиликтүү маанидеги маселелерди жана аймактагы башка маанилүү маселелерди чечүүдө, анын ичинде ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруу уюмдары, жергиликтүү коомдоштуктардын коомдук уюмдары жана башка коммерциялык эмес уюмдар менен өнөктөштүктө иш жүргүзүү;
12) бириктирилген шаар аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын коомдук уюмдарынын, комиссияларынын ишин уюштурууга көмөктөшүү;
13) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин алкагында укук бузуулар жөнүндө, укук бузуулар, аксакалдар соту жөнүндө иштерди караштырган комиссиялардын ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык уюштуруу;
14) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн зарылдыгына жараша муниципалдык жеке өнөктөштүк долбоорлорун издөө, демилгелөө. Муниципалдык жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды түзүү жана аларды ишке ашырууну камсыз кылуу.
2.3. Реформа жүргүзүлүп жаткан региондордо шаардык мэриянын штаттык саны, штаттык расписаниеси жана түзүмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген шаардык мэриянын штаттык санынын, штаттык расписаниесинин жана түзүмүнүн негизинде мэр тарабынан бекитилет.
Шаардын мэри
3.1. Реформа жүргүзүлүп жаткан региондордо шаардын мэри ушул пункттун экинчи абзацынын ченемин кошпогондо, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43,44,47,48-беренелеринде аныкталган талаптардын жана тартиптин негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
3.2. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ыйгарым укуктарынан тышкары шаардын мэри:
1) муниципалдык ишканалардын жетекчилерин, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен каржыланган, маданият үйлөрүн, китепканаларды, музейлерди, спорт комплекстерин тейлеген мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
2) бириктирилген шаардын административдик борборлорунан алыс жайгашкан аймактарда муниципалдык аймактык башкаруу түзүмүн түзүүгө укуктуу;
3) шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын, инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен келишимдин негизинде тиешелүү адистерди тартууга укуктуу;
4) мамлекеттик органдар жана башка мекемелер, уюмдар менен жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыгында анын өкүлү катары өз ара аракеттенет.
- Шаардын мэринин ыйгарым укуктары
4.1. Шаардын мэри:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын, кеңештин чечимдерин сактоону жана аткарууну уюштурат;
2) Шаардык мэриянын ишине жетекчилик кылат жана анын натыйжаларына жооп берет;
3) Шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана шаардык кеңешке бекитүүгө берет;
4) Шаардык кеңешке жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуштайт, шаардын аймагындагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджетти аткаруу жана муниципалдык менчикти пайдалануу, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү, консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү жана калкты социалдык коргоо программаларын аткаруу жөнүндө жарым жылда бир жолу шаардык кеңештин алдында отчет берет;
5) Мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча шаардык кеңешке сунуштарды киргизет;
6) Мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда аларды кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселе коюуга укуктуу;
7) Мыйзамдарга ылайык шаар мэринин орун басарын, шаар мэриясынын аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
8) Шаардык кеңештин карамагына кирген маселелерди кошпогондо, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
9) Шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизет, анын ишине катышат;
10) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5. Мэриянын актыларынын милдеттүүлүгү
5.1. Мэриянын атынан актыларды (чечимдерди) мэр токтом жана тескеме формасында чыгарат, эгерде актылардын өзүндө башкача каралбаса, аларга кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
5.2. Токтомдор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында чыгарылат. Тескемелер оперативдүү, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча чыгарылат.
5.3. Чыгарылган актылар өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн. 5.4. Мэриянын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына каршы келбөөгө тийиш. 5.5. Мэриянын чечимдери шаардын аймагында милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
6. Мэрияга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
6.1. Мэриянын мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар мэриянын алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат. 6.2. Мэриянын мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
7. Шаар мэриясынын финансылык-экономикалык негиздери
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык негизин мыйзамдарда жергиликтүү бюджеттерге бекитилген кирешелердин салыктык жана салыктык эмес булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, ссудалар жана башка финансылык ресурстар түзөт.
7.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагына өткөрүп берилген жана жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуп жаткан жерлер, жарандык укуктун башка объекттери, ошондой эле тиешелүү аймакта ишин жүзөгө ашырып жаткан ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.
7.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетти жана бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү жана аткаруу тартиби жана принциптери мыйзамдар менен жөнгө салынат.
8. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
Ушул жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле аны жаңы редакцияда бекитүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
9. Корутунду жоболор
9.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бириктирилген шаардын курамына кирген айылдардын балансында турган мүлк жана каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жаңы түзүлгөн шаар мэриясынын карамагына өткөрүлүп берилет.
9.2. Бириктирүүнүн натыйжасында муниципалдык кызматчыларды бошотуу жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
9.3. Шаар мэриясын кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
9.4. Башка жагдайлар каралбаган учурда документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Мэр К.Бектемиров