КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-октябры № 1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 9 (тогуз) айы ичинде аткарылган иштеринин отчету жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 9 (тогуз) айы ичинде аткарылган иштеринин отчетун Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXХI-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 9 (тогуз) айы ичинде аткарылган иштеринин отчету жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана КЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Ш.М.Канполотов |