Редакцияот 08.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын

 

2024-жылынын 08-апрель №4

 

«“«Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешине штаттык бирдик кошуу жөнүндө».

 

         Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешине штаттык бирдик кошуу жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Садырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 24-сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.   Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешине штаттык бирдик кошуу жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Садырбаевдин  билдирүүсү  эске  алынсын.

2.   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» № 52 токтомунун №5 тиркемесине ылайык, Таш-Көмүр шаардык депутаттар кенешинин катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн 1 (бир) штаттык бирдиги жана айдоочунун 1 (бир) штаттык бирдиги санынын чегине ылайык бекитилсин.

3.   Таш-Көмүр шаардык депутаттар кенешинин катчы-иш кагаздарын жъргъзъъчъгё жана айдоочуга мыйзам чегинде эмгек акыларын төлөө жагы шаардык мэриянын башкы эсепчиси Б.Асранкуловага милдеттендирилсин.

4.   Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.

5.   Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

6.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Н.Садырбаев) жүктөлсүн.

 

 

Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы:

 

С.Кудайбердиев