Редакцияот 08.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын

 

2024-жылынын 08-апрель №5

 

«Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешине шаардык муниципалдык менчик департаменти аркылуу кошумча 2 (эки) штаттык бирдик кароо жөнүндө».

 

         Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешине шаардык муниципалдык менчик департаменти аркылуу кошумча 2 (эки) штаттык бирдик кароо жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Садырбаевдин билдирүүсүн жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 24-сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.   Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешине шаардык муниципалдык менчик департаменти аркылуу кошумча 2 (эки) штаттык бирдик кароо жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Садырбаевдин билдирүүсү жана чыгып съйлёгён депутаттардын сунуштары эске алынсын.

2.   Таш-Көмүр шаардык депутаттар кенешинин ишмердүүлүгүн натыйжалуу жүргүзүү максатында, эмгек зарылчылыгына байланыштуу, Таш-Көмүр шаардык депутатар кенешине шаардык муниципалдык менчик департаменти аркылуу кошумча 1 (бир) башкы адис штаттык бирдиги жана 1 (бир) адис штаттык бирдиги каралып, бекитилсин.

3.   Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.

4.   Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

5.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Н.Садырбаев) жүктөлсүн.

 

 

 

Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы:

 

С.Кудайбердиев