Редакцияот 30.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 30-октябры № 6

Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин бюджеттик кодекисинин 109-беренесинин 1-пункутуна негиз беренелерге өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Бюджеттик Кодексинин 109- беренесинин 1-пунктуна негиз айыл өкмөтүнүн КЭББ Н.Маразыковтун билдирүүсүнө негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXXI-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

 

1.  Кенеш айыл өкмөтүнүн Аппарат-Башкармалыгы 70111-бөлүмүнүн 3111- беренесинен 200,0 миң сом, Комуналдык-Чарба 70629-бөлүмүнүн 3111-беренесинен 385,0 миң сом, жалпысы - 585,0 миң сом акча каражаты кыскартуу жана Аппарат-Башкармалык 70111-бөлүмүнүн 2211-беренесине 200,0 миң сом, Комуналдык-Чарба 70629-бөлүмүнүн 3112-беренесине 385,0 миң сом,жалпы 585,0 миң сом көбөйтүү жагы жактырылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана КЭБ башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.

 

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.

 

5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш.М.Канполотов