Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-июну № 2220-VII
Кыргыз Республикасында мамлекеттик мектептердин курулушун тартипке салуу жөнүндө
Республикалык бюджеттен каражаттарды өз убагында бөлүү, Кыргыз Республикасында мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдардын (мындан ары - мектептер) курулушун мындан ары тартипке салуу, мектептердин курулушунун сапатын контролдоонуу күчөтүү жана аларды создуктурууга жол бербөө, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- республикалык бюджеттен мектептерди курууга багытталган каражаттарды өз убагында бөлүүнү контролго алсын;
- мектептердин сапатсыз курулушу үчүн уюмдардын кызмат адамдарын, ошондой эле курулуш иштерин аяктоону негизсиз создуктурган подряддык уюмдардын кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрсүн;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына тендерлердин жыйынтыктары жана мектептердин курулушунун натыйжалары жөнүндө маалыматты жарыялоо жолу менен республикалык бюджеттин каражаттарынын чыгымдалышын коомдук контролдоо механизмин иштеп чыксын;
- бүткүл республика боюнча мектептерге мониторинг жүргүзсүн жана аларды түс схемалары боюнча жүктөмүнө жараша классификацияласын, алардын ичинен кызыл менен (шашылыш) окугандардын саны комплекттөө ченеминен 2,5 эседен көп ашкан объекттер же авариялык абалдагы объекттер белгиленсин, сары менен (анча шашылыш эмес) комплекттөө ченеминен 2,5 эседен аз, бирок 2 эседен ашык санда окуган мектептер белгиленсин;
- капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоонун колдонуудагы критерийлерин кайра карап чыксын жана 2025-жылдан тартып классификациянын кызыл зонасына киргизилген мектептердин курулушун биринчи кезектеги тартипте жүзөгө ашырсын. Каржылоого сунушталган классификациянын кызыл зонасына киргизилген мектептердин тизмегин бекитүү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылсын;
- классификациянын сары зонасына киргизилген мектептерди курууну жана оңдоону классификациянын кызыл зонасына киргизилген мектептердеги оңдоо жана курулуш иштери аяктагандан кийин гана жүзөгө ашырсын;
- кызыл жана сары зонадагы мектептердин курулушу жана ремонту аяктаганга чейин башка мектептердин курулушуна жол берилбесин;
- классификациянын кызыл зонасына киргизилген мектептерди оңдоого жана жаңы корпустарын курууга 2025-жылга карата республикалык бюджеттен каражат бөлүп берүүнү караштырсын жана өз убагында каржылануусу боюнча чараларды көрсүн;
- классификациянын сары зонасына киргизилген мектептерди оңдоого жана жаңы корпустарын курууга 2026-жылга карата республикалык бюджеттен каражат бөлүп берүүнү караштырсын жана өз убагында каржылануусу боюнча чараларды көрсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине, Социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |