Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-июну № 2239-VII
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
Э.Н.Сулайманов - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
М.О.Темирбаева - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
А.Исатбек кызы - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
А.А.Исираилов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
А.Т.Эрбаев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
В.К.Раимбачаева - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
Б.А.Калпаев - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
К.К.Самаков - "Элдик" депутаттык тобунан.
Төраганын орун басары
| Н.О. Сыдыгалиев |