Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын XXVIII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кеңешинин кезектеги VI-сессиясы
2022-жылдын 04-ноябры № 6/1
Ак-Кудук айыл өкмөтүндө сугат суусун берүүнү башкаруу жергиликтүү маанидеги маселе катары кароо жөнүндө
Нарын районунун Ак-Кудук айыл өкмөтүнө караштуу 8-Март айылынын жалпы чогулушунун сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 16-1 беренесин жетекчиликке алып Ак-Кудук айылдык кенеши токтом кылат:
1.Нарын районунун Ак-Кудук айыл өкмөтүндө сугат суусун берүүнө башкаруу жергиликтүү маанидеги маселе катары белгиленсин.
2.Ак-Кудук айыл өкмөтүнө төмөндөгүлөр тапшырылсын:
-Ак-Кудук айыл өкмөтүндөгү ички чарбалык каналдарды тактап,муниципиалдык менчикке өткөрүп берүүнү-кабыл алууларды жүргүзүү:
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчик обьектилеринин реестрине толуктоолорду киргизүү:
-Жергиликтүү бюджеттин 2023-2024-2025 жылдарга карата пландуу көрсөткүчтөрүнө Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн ички суу чарба курулмаларын каржылоого байланыштуу маселелерди киргизүүнү.
3.Ушул токтом мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттү мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрайым: | Б.Кадиева |