ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын
2024-жылынын 21-февралы №12
«“Шаардык мэриянын 17.01.2024-жылдагы “Республикалык олимпиадада (жаштар олимпиадасы), Азия оюндарында (имарат ичинде), Дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарында байгелүү орундарына ээ болгон спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо жөнүндө” Жобосун бекитип берүү тууралуу №01-14/109 кайрылуу каты жөнүндө».
Шаардык мэриянын 17.01.2024-жылдагы “Республикалык олимпиадада (жаштар олимпиадасы), Азия оюндарында (имарат ичинде), Дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарында байгелүү орундарына ээ болгон спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо жөнүндө” Жобосун бекитип берүү тууралуу №01-14/109 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Садырбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 23- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 17.01.2024-жылдагы “Республикалык олимпиадада (жаштар олимпиадасы), Азия оюндарында (имарат ичинде), Дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарында байгелүү орундарына ээ болгон спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо жөнүндө” Жобосун бекитип берүү тууралуу №01-14/109 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Садырбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн “Республикалык олимпиадада (жаштар олимпиадасы), Азия оюндарында (имарат ичинде), Дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарында байгелүү орундарына ээ болгон спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо жөнүндө” Жобосу бекитилсин. /Жобо тиркелет/
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын кёзёмёлдёё жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына ( Н.Садырбаев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |
БЕКИТИЛДИ Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин ХХX чакырылышынын 2024-жылдын 21-февралындагы кезектеги 23-сессиясынын № 12-токтому |
Республикалык, олимпиада (жаштар олимпиадасы), Азия оюндарынын (имарат ичинде), Дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарынын байгелүү орундарына ээ болгон спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын сыйлоонун
ЖОБОСУ
Бул Жобо Республикалык, олимпиада (жаштар олимпиадасы), Азия оюндарынын (имарат ичинде), Дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарынын байгелүү орундарына ээ болгон спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо жөнүндө.
1. Жалпы Жобо
1.1. Бул жобо Таш-Көмүр шаарынын атуулдарын сергек жашоого, кылмыштуулукка каршы үндөөгө, дене тарбия жана спортко кызыктыруу менен чоң спортко алып чыгуу максатында жана алардын эсебин алуу, сыйлоо тартибин иретке келтирүү, ошондой эле шаарда спорт тармагын өнүктүрүү үчүн түзүлдү.
1.2. Олимпиадалык (жаштар олимпиадасы), Азия оюндары (имараттар ичинде), дүйнөлүк, Азиялык чемпионаттардын байгелүү орунга ээ болгон жеңүүчүлөрүн жана машыктыруучуларын сыйлоого колдонулат.
1.3. Таш-Көмүр шаарынын спортчуларынын, машыктыруучуларынын ишин баалоо тартибин, шаардагы спорт тармагына кошкон салымын жана жол жобосун аныктайт.
1.4. Бул жобону колдонуу Таш-Көмүр шаарынын машыктыруучуларынын жана спортсмендеринин ишинин жыйынтыгын баалоо менен шаардын курама-командасынын мүчөсү болгон (шаар ичинде такай машыккан) бардык машыктыруучуларына жана спортчуларына колдонулат.
1.5. Жеңишке ээ болгон спортчуларды жана машыктыруучуларды сыйлоо Таш-Көмүр шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
1.6. Жеңүүчүлөрдүн утушка ээ болгондугу, сыйлоого ээ болгон мелдеште байгелүү орунду алгандыгы тууралуу төмөндөгү тастыкталган документтердин негизинде аныкталат:
- спорттук мелдештин протоколунун көчүрмөсү жана сетка боюнча финалга чыккан спортчу 2ден көп беттеш өткөргөндүгү тууралуу маалыматы;
- спорттук мелдештин медалы, диплому;
- спорттук мелдеш учурунда интернет булактарына жайгаштырылган маалымат;
- көрсөтүлгөн документке оригиналдуулугуна спортчуну катыштырып келген машыктыруучу менен жашы 16 дан жогору спортсмендер тастыктап, документтерди толук алып келүүсүнө, тууралыгына жооп берет, жалпылыгына спорттук мелдештин байгелүү орундарынын жыйынтыгы боюнча өздүк машыктыруучусу жооп берет;
- спорттук мелдештин жыйынтыгы боюнча фото, видео отчеттор.
1.7. Сыйлоого сунушталган мелдештерди, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти же Улуттук олимпиадалык комитети тарабынан таанылган жана календардык иш-планында болуусу зарыл. Спортчуну сыйлыкка, грамотага сунуштоо үчүн спортсмендин машыккан спорт мектебинен жана спорттун түрү боюнча тийиштүү федерациясынан сунуштаган протоколдук кеӊешмеси, мелдешке барып келгендиги тууралуу тактамасы болуусу зарыл.
1.8. Жеңүүчү Таш-Көмүр шаарынын курама-командасынын мүчөсү болуусу шарт. Машыккан спорт мектебинен (шаардан) чыгып кетсе сыйлоого тийиш эмес.
- Таш-Көмүр шаарындагы спорт мектебинде машыккандыгы тууралуу спорт мектеби тарабынан берилген тактама.
- Таш-Көмүр шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан тактама.
1.9. Машыктыруучу акчалай сыйлык менен сыйланышы үчүн Таш-Көмүр шаарына караштуу спорт мектептеринде же шаардык спорт федерацияларында (аталган спорттун түрү боюнча) иштөөсү зарыл.
1.10. Сыйлануучу Таш-Көмүр шаарынын спортчусу болуусу зарыл.
2. Сыйлоо боюнча комиссиянын сандык жана сапаттык курамы
2.1. Сыйлоо маселеси объективдүү жана калыс болуусун камсыз кылуу максатында Таш-Көмүр шаардык мэриясынын буйругу менен комиссия түзүлөт. Комиссиянын чечими Таш-Көмүр шаар мэриясынын буйругунун негизинде күчүнө кирет.
2.2. Сыйлоо боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1. Таш-Көмүр шаарынын мэринин орун басары
2. Таш-Көмүр шаардык депутаттар кенешинин төрагасы (макулдугу менен)
3. КРФМ Таш-Көмүр шаардык башкармалыгынын башчысы
4. Таш-Көмүр шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн начальниги
5. Таш-Көмүр шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору
2.3. Сыйлоо боюнча комиссиянын отуруму, комиссиянын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса мыйзамдуу болуп эсептелет. Комиссия курамынын жок болгон мүчөсүн алмаштырууга жол берилбейт.
3. Комиссиянын милдеттери жана максаттары.
3.1. Жобонун негизинде түзүлгөн комиссияны уюштуруу жана анын иштөөсүн камсыздоо комиссиянын катчысына жүктөлөт.
3.2. Комиссия өз отурумунда төмөнкү маселелерди карайт:
- жободо каралган документтерди кароо;
- тийиштүү документтерди пайдалануу;
- жободо көрсөтүлгөн спорттук иш-чараларды, республикалык, эл аралык органдардын документтеринин категорияларын аныктоого сунуштарын жиберет;
- туура эмес документтерди актылоого жиберет;
- республикалык, олимпиада, Азия оюндарында (имараттар ичинде), дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарынын байгелүү орундарын ээлеген спортсмендерине, Жобонун негизинде акчалай сыйлыктын өлчөмүн мыйзам чегинде аныктайт;
3.3. Акчалай сыйлыктар шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн сунушунун негизинде каралат.
3.4. Спорттук этиканы (тартипти) бузгандыгы жана моралдык ката кетирилгенде сыйлануучуга сыйлык берилбейт.
4. Комиссиянын милдеттери жана укуктары
4.1. Жүктөлгөн милдеттерине ылайык комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
- Сыйлоого көрсөтүлгөн спортчунун жеӊишке жеткендиги тууралуу керектүү кагаздарын тастыктайт, керек болгон учурда тийиштүү спорттук федерациядан, мамлекеттик органдан маалыматтарды тактайт;
- Мелдештин документтеринин баалуулугун аталган маселелер боюнча ченемдик-методикалык документтердин долбоорлоруна корутунду берет;
- Тийиштүү мамлекеттик мекеме менен төмөнкү макулдашууларды карайт, чечим кабыл алат:
- шаар курама-командасы боюнча мүчөлүгүн аныктайт;
- Спорттук иш чаранын жобосун аныктайт;
- Сыйлоо ишин башкаруунун органына документтердин категорияларын, сактоонун белгиленген мөөнөттөрүн өзгөртүү тууралуу жана белгиленбеген мөөнөттөрдү аныктоо жөнүндө сунуштарды жиберет.
4.2. Комиссиянын курамы төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн жыйындарында документтерди даярдоонун жүрүшү, документтерди сактоо шарттары жана сактоону камсыз кылуу, документтердин жоголушунун себептери жөнүндө мекеменин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин угууга;
- комиссиянын жыйындарына консультант жана эксперт катары түзүмдүк бөлүнүштөрдүн адистерин, мамлекеттик спорт кызматынын мекемелеринин, бөлөк уюмдардын өкүлдөрүн чакырууга;
- сапатсыз, шалаакылык менен даярдалган документтерди кароого кабыл албоого жана бышыктап иштеп чыгууга кайтарууга;
- мэриянын жетекчилигине комиссиянын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча маалымат берүүгө;
- зарыл учурда сыйлоо боюнча депутаттар кеңешинин сессиясына өз сунуштарын берүүгө укуктуу.
5. Акчалай сыйлоо
5.1. Республикалык, олимпиадалык Оюндар, Жаштар олимпиадасы, Азия оюндары(имараттар ичинде), Дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарынын байгелүү орунун ээлеген спортчуларды жана машыктыруучуларды акчалай сыйлоо тиркемеге ылайык жүргүзүлөт.
5.2. Республикалык, Азиялык, Дүйнөлүк чемпионаттарынын спорттук жарыштарынын учур талабына ылайык өзгөрүүлөрүнө байланыштуу (Ю-14;15,16,17) өспүрүмдөр жана чоңдор арасындагы жарыштар деп белгиленет. (спорттун түрлөрүнө жараша, коммиссиянын чечими менен аныкталат)
5.3. Чемпионаттардын тастыкталган документтеринде жарыштын аты белгиленсе спортчу (Ю-14;15,16,17 өспүрүмдөр жана чоңдор) ошол документтин негизинде сыйланат.
5.4. Финалга чыккан спортчу сетка боюнча 2ден көп беттеш өткөрүүгө тийиш. (2ден аз беттеш өткөргөн спортчуга, 2чи же 3-орунга берилүүчү сыйлык коммиссиянын чечими менен аныкталат).
5.5. Сыйлануучу спортчу Таш-Көмүр шаарынын тургуну жана Таш-Көмүр шаарынын спорт мекемелеринде машыгуусу (иштөөсү) зарыл. 1 жыл мурун шаардан чыгып которулуп кеткен спортчу (машыктыруучу) сыйланууга акысыз.
5.6. Сыйлоо жобонун максаттарына туура келбеген спортчу сыйлана албайт. Эскертүү: Шаар тургуну болгондугуна жана спорт мектептеринде катталуусуна карабастан. Сөсүз Таш-Көмүр шаарында машыгуусу зарыл.
5.7. Бул жобону колдонуу үчүн республикалык дене тарбия жана спорт жетекчилиги тарабынан Азия жана дүйнөлүк чемпионаттар деп таанылган жарыштар эсептелет. (маселен 6дан көп мамлекет катышса Азия жана 10дон көп мамлекет катышса дүйнөлүк чемпионат.у.с)
5.8. Сыйлоо бардык спорттун түрлөрү боюнча жыл жыйынтыгы менен комиссиянын чечими чыккандан кийин берилет.
6. Спорттун командалык түрлөрү боюнча
6.1. Спорттун командалык түрлөрүн өнүктүрүү, колдоо максатында республикалык чемпионаттардын женүүчүлөрү акчалай сыйланууга тийиш.
6.2. Кыргыз Республикасынын чемпионатынын байгелүү орунду ээлеген шаардын курама-командасын жана машыктыруучусун сыйлоо тиркемеге ылайык жүргүзүлөт.
ТИРКЕМЕ
Машыктыруучуларды жана спортчуларды республикалык, азиялык жана дүйнөлүк мелдештерде жараткан ийгиликтери үчүн дем берүү максатында сыйлоо өлчөмү |
Республикалык
№ | Спорттун түрүнүн аталышы | Ээлеген орду | Спортчуларга | Машыктыруучуга |
| Бардык түрү боюнча | 1-орун | 40000 | 20000 |
2-орун | 30000 | 15000 | ||
3-орун | 20000 | 10000 | ||
Баары: 135000 | ||||
Азиялык
№ | Спорттун түрүнүн аталышы | Ээлеген орду | Спортчуларга | Машыктыруучуга |
| Бардык түрү боюнча | 1-орун | 45000 | 20000 |
2-орун | 30000 | 15000 | ||
3-орун | 20000 | 10000 | ||
Баары: 140 000 | ||||
Дүйнөлүк
№ | Спорттун түрүнүн аталышы | Ээлеген орду | Спортчуларга | Машыктыруучуга |
| Бардык түрү боюнча | 1-орун | 80000 | 40000 |
2-орун | 40000 | 20000 | ||
3-орун | 30000 | 15000 | ||
Баары: 225 000 | ||||
Жалпы: 500 000 (беш жүз миң) сом.