Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын XXVIII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кеңешинин кезектеги VIII-сессиясы
2022-жылдын 23-ноябры № 7/1
Ак-Кудук айыл өкмөтүнө караштуу 8-Март айылында жайгашкан
«Топон-Арык» суу каналын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн
даярдалган долбоорун бекитүү жөнүндө
Ак-Кудук айыл өкмөтүнө караштуу 8-Март айылында жайгашкан «Топон-Арык» суу каналын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн даярдалган долбоорун бекитүү боюнча токтом кылат:
1.Ак-Кудук айыл өкмөтүнө караштуу 8-Март айылында жайгашкан «Топон-Арык» суу каналын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Нарын облусунун “Тенир-Тоо өнүктүрүү фондуна” даярдалган жалпы наркы 664 898,52 (алты жүз алтымыш төрт мин сегиз жүз токсон сегиз элүү эки) сомду түзгөн долбоор бекитилсин.
2. Долбоордо көрсөтүлгөн 27 311,29 (жыйырма жети мин үч жүз он бир жыйырма тогуз) сомду түзгөн курулуш жумуштарын жергиликтүү коомчулуктун күчү менен аткарылаары белгиленсин.
3. Ушул токтом мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттү мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө алам.
Төрайым | Б.Кадиева |