Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын XXVIII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кеңешинин кезектеги VIII-сессиясы
2022-жылдын 2-декабры № 8/3
Нарын районундагы Ак-Кудук айыл өкмөтүнө караштуу “Каратал-Жапырык” участкасындагы “Сары-Бел” кыштоосунан эски карагай тамдын орду 1000 чарчы метр жер аянтына ФАП курууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13,25,73-беренелерине, Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 26-май 2022-жылдын № 144/1 аныктамасынын негизинде Ак-Кудук айылдык кенеши токтом кылат:
1.Нарын районундагы Ак-Кудук айыл өкмөтүнө караштуу “Каратал-Жапырык” участкасындагы “Сары-Бел” кыштоосунан эски карагай тамдын орду 1000 чарчы метр жер аянтына ФАП курууга бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн жер, турак жай боюнча башкы адиси Талант уулу Бекке тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө алам.
Төрайым: | Б.Кадиева |