КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 5-октябры № 2
“Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кеңеш айылдык кеңешинин Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана башка социалдык маданий маселелер, жаштар менен иштөө комитетинин корутундусуна негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кеңеш айыл аймагында жашап, райондук мекемелеринде үзүрлүү эмгектенип Кеңеш айыл аймагынын жана өз айылынын калкына көрсөткөн көп жылдык ак эмгегин баалап Абдалова Бубажар Абдыкадыровнага жана Дыйканбаев Касымжан Төлөнбаевичке наам берүү жагы жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана социалдык бөлүмүнүн башчысы Э.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Ш.М.Канполотов |