КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 5-октябры № 4
№ 31 Абдрахманов мектебинин классынын полун алмаштыруу жөнүндө
Кеңеш айыл аймагына караштуу Аук айылында жайгашкан № 31 Абдрахманов мектебинин классынын полун алмаштыруу максатында Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Аук айылында жайгашкан № 31 Абдрахманов мектебинин классынын полун алмаштырууга Өнүктүрүү фонд тарабынан өздүк салым эсебинен 200 000 сом акча каражаты кароо жагы жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана ФЭБ башчысы Н.Маразыковко милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Ш.М.Канполотов |