Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-ноябры № 701
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 “Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстволук мекемелеринин ишин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 “Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:
– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
1 | Директор
| Ар кандай багыттагы жогорку кесиптик билими, музейлерде-ги иш тажрыйба-сы 5 жылдан кем эмес же жетекчилик кызмат орундарын-дагы иш тажрыйба-сы 3 жылдан кем эмес. Илимий даражасы-нын болушу артыкчы-лыктуу | Ар кандай багыттагы жогорку кесиптик билими, музейлерде-ги иш тажрыйба-сы 3 жылдан кем эмес же жетекчилик кызмат орундарын-дагы иш тажрыйба-сы 2 жылдан кем эмес. Илимий даражасы-нын болушу артыкчы-лыктуу | Ар кандай багыттагы жогорку кесиптик билими, музейлерде-ги иш тажрыйба-сы 2 жылдан кем эмес же жетекчилик кызмат орундарын-дагы иш тажрыйба- сы 1 жылдан кем эмес. Илимий даражасы-нын болушу артыкчы-лыктуу | Ар кандай багыттагы жогорку кесиптик билими |
”;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 4-тиркесинде:
– 2-бөлүмдүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
1 | Башкы директор | Ар кандай багыттагы жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызмат орундарындагы иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес |
| “Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызмат орундарындагы иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес же төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык илимдер, педагогикалык билим берүү, экономика жана башкаруу, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес |
”;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 5-тиркемесинде:
– 1-бөлүмдүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
1 | Директор | Ар кандай багыттагы жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызмат орундарын-дагы иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес | Ар кандай багыттагы жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызмат орундарындагы иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес | Ар кандай багыттагы жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызмат орундарындагы иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес |
”;
– 2-бөлүмдүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
1 | Директор | Ар кандай багыттагы жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызмат орундарындагы иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес | Ар кандай багыттагы жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызмат орундарындагы иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес |
|
”;
4) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 51-тиркемесинде:
– 1-бөлүмдүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
1 | Директор | Ар кандай багыттагы жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызмат орундарындагы иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес |
”;
5) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 12-тиркемесинде:
– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
1 | Директор | Ар кандай багыттагы жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызмат орундарындагы иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес |
”.
2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги үчүн республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык сандын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У. Жапаров |