Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-ноябры № 184
2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 256 Жарлыгына ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин, "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобону жетекчиликке алып, келип түшкөн билдирүүлөрдүн негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Түрк Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин, Азербайджан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Казахстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясынын, Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Индия Республикасынын Шайлоо комиссиясынын, Шайлоо органдарынын Бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын өкүлдөрү, Ханнс Зайдель фондунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн, Түрк мамлекеттер Уюмунун Миссиясынын, Ислам кызматташтыгы Уюмунун Миссиясынын, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулар катары 1-тиркемеге ылайык аккредитациялансын.
2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч.Койчукеевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 14 ноябрындагы № 184 токтомуна 1-тиркеме |
Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын тизмеси
№ к/м | күб. № | Байкоочу көрсөтүлгөн уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Кызмат орду |
1 | 01 | Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Дорошенко Ольга Леонидовна | Беларусь Республикасы | БШК мүчөсү |
2 | 02 | Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Щекович Александр Владимирович | Беларусь Республикасы | Минск шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы |
3 | 03 | Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Лопатин Антон Игоревич | Россия Федерациясы | БШК мүчөсү |
4 | 04 | Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Голубкова Наталья Игоревна | Россия Федерациясы | БШКнын аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары |
5 | 05 | Түрк Республикасынын Жогорку шайлоо кеңеши | Экрем Өзүбек (Ekrem Özübek) | Түрк Республикасы | Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасынын орун басары |
6 | 06 | Түрк Республикасынын Жогорку шайлоо кеңеши | Али Чопур (Ali Çopur) | Түрк Республикасы | Жогорку шайлоо кеңешинин мүчөсү |
7 | 07 | Азербайджан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Алиев Шаитдин Сардар | Азербайджан Республикасы | БШК мүчөсү |
8 | 08 | Азербайджан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Надирханлы Низами Гусейн | Азербайджан Республикасы | БШК мүчөсү |
9 | 09 | Казахстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Смагулов Асылбек Айжарикович | Казахстан Республикасы | БШК мүчөсү |
10 | 10 | Казахстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Кембаева Гульназ Бегзатовна | Казахстан Республикасы | БШКнын пландоо жана бюджетти аткаруу бөлүмүнүн башчысы |
11 | 11 | Казахстан Республикасыны Борбордук шайлоо комиссиясы | Нурлан Мадияр Русланович | Казахстан Республикасы | Башкы адис, инженер-программист |
12 | 12 | Казахстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Куаныш Галым Ерланович | Казахстан Республикасы | АШК менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башкы адиси |
13 | 13 | Казахстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Байдилда Жайна Рахимжановна | Казахстан Республикасы | АШК менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
14 | 14 | Грузия Борбордук шайлоо комиссиясы | Георгий Липартия (George Lipartia) | Грузия | Мамлекеттик сатып алуу башкармалыгынын башчысы |
15 | 15 | Грузия Борбордук шайлоо комиссиясы | Ростом Гачечиладзе (Rostom Gachechiladze) | Грузия | Маалыматтык системаларды башкаруу бөлүмүнүн башчысы |
16 | 16 | Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясы | Пурвээ Дэлгэрнаран (Purvee Delgernaran) | Монголия | БШКнын Төрагасы |
17 | 17 | Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясы | Чимеддорж Баттумур (Chimeddorj Battumur) | Монголия | Эл аралык байланыштар боюнча Кеңешчи |
18 | 18 | Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясы | Самбууням Баасанхуу (Sambuunyam Baasankhuu) | Монголия | Аппарат жетекчиси |
19 | 19 | Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Олег Тудосан (Oleg Tudosan) | Молдова Республикасы | Сынжерей шаарынын шайлоо кеңешинин төрагасы |
20 | 20 | Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Ольга Сороковичи (Olga Sorokovici) | Молдова Республикасы | Финансы-экономика бөлүмүнүн башкы кеңешчиси |
21 | 21 | Индия Республикасынын шайлоо комиссиясы | Уса Джен Мог (Usa Jen Mog) | Индия Республикасы | Трипура штатынын шайлоо комиссиясынын башчысы |
22 | 22 | Индия Республикасынын шайлоо комиссиясы | Бидхан Чандра Патра (Bidhan Chandra Patra) | Индия Республикасы | Шайлоо комиссиясынын Катчысы |
23 | 23 | Шайлоо органдарынын Бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы | Сеунг Реол Ким (Seung Reyol Kim) | Корея Республикасы | Окутуу жана шайлоолорго көзөмөл жүргүзүү департаментинин директору |
24 | 24 | Шайлоо органдарынын Бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы | Ан Хонгпе (Ahn Hongpyo) | Корея Республикасы | Окутуу жана шайлоолорго көзөмөл жүргүзүү департаментинин долбоорлорунун жетекчиси |
25 | 25 | Ханнс Зайдель фондунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү | Майер Макс Георг (Meier Max Georg) | Германия Федеративдик Республикасы | Фонддун Директору |
26 | 26 | Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Года Хидеки (Goda Hideki) | Япония | Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси |
27. | 27 | Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Ватанабе Харуки (Watanabe Haruki) | Япония | Үчүнчү Секретарь |
28 | 28 | Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Ли Госюань (Li Guohuan) | Кытай Эл Республикасы | Үчүнчү Секретарь |
29 | 29 | Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Ся Тяньле (Xia Tianle) | Кытай Эл Республикасы | Атташе |
30 | 30 | Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Мостафа Кебритчи (Mostafa Kebritchi) | Иран Ислам Республикасы | Кеңешчи |
31 | 31 | Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Вюнер Рэно Жак-Антуант Люсьен (Vuignier Renaud Jacques-Antoine Lucien) | Швейцария | Программа Менеджери |
32 | 32 | Түрк мамлекеттеринин Уюмунун Миссиясы | Мирвохид Азимов (Mirvokhid Azimov) | Узбекистан Республикасы | ТМУнун Башкы Катчынын орун басары |
33 | 33 | Түрк мамлекеттеринин Уюмунун Миссиясы | Ерсин Айдоган (Ersin Aidogan) | Турция Республикасы | ТМУнун долбоорлорунун башчысы |
34 | 34 | Түрк мамлекеттеринин Уюмунун Миссиясы | Адилет Есимханов (Adilet Yessimkhanov) | Казахстан Республикасы | ТМУнун долбоорлорунун башчысы |
35 | 35 | Түрк мамлекеттеринин Уюмунун Миссиясы | Пашаев Хусеин (Pashayev Huseyn) | Азербайджан Республикасы | Азербайджан Республикасынын БШК мүчөсү |
36 | 36 |
|
| 0 |
|
37 | 37 | Түрк мамлекеттеринин Уюмунун Миссиясы | Ибодуллаев Адхам | Узбекистан Республикасы | Өзбекстан Республикасынын БШК мүчөсү |
38 | 38 | Ислам кызматташтыгы Уюмунун байкоочу Миссиясы | Баубакар Адаму (Boubakar Adamou) | Нигер Республикасы | Миссия башчысы, Директор |
39 | 39 | Ислам кызматташтыгы Уюмунун байкоочу Миссиясы | Албарази Айа (Albarazi Aya) | Сауд Арабия Падышалыгы | Протокол бөлүмүнүн башчысы |
40 | 40 | Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Николас Боулер (Nicholas Bowler) | Улуу Британия | Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси |
41 | 41 | Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Энн Хериган (Ann Herrigan) | Улуу Британия | Элчинин Орун басары |
42 | 42 | Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Ева Шевчик (Ewa Szewczyk) | Улуу Британия | Соода бөлүмүнүн башчысы |
43 | 43 | Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Метью Кернс (Matthew Kerins) | Улуу Британия | Экинчи Секретарь |
44 | 44 | АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Лиз Зентос (Liz Zentos) | АКШ | Миссиясынын башчысынын орун басары |
45 | 45 | АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Сара Верт (Sara Wert) | АКШ | АКШнын эл аралык кызматташтык агенттигинин (USAID) директору |
46 | 46 | АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Рейчел Смит (Rachel Smith) | АКШ | Саясий жана экономика бөлүмүнүн башчысы |
47 | 47 | АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Никлаус Лаверти (Nicklaus Laverty | АКШ | Саясий кеңешчи |
48 | 48 | АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Елена Улич-Йии (Jelena Ulic-Yee) | АКШ | Экономикалык иштер боюнча адис |
49 | 49 | АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Kipp Efinger (Кип Эфингер) | АКШ | АКШнын эл аралык кызматташтык агенттигинин (USAID) кызматкери |
50 | 50 | Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Юнусув Баходиржан Жалолдинович | Өзбекстан Республикасы | БШК мүчөсү |
51 | 51 | Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Хамраев Фарход Мавланович | Өзбекстан Республикасы | Башкы Консультант |
52 | 52 | Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү | Сергеенков Светлин | Болгария | Саясий бөлүмдүн кызматкери |
53 | 53 | Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Храмов Сергей Витальевич | Россия Федерациясы | Кеңешчи |
54 | 54 | Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Голиков Евгений Николаевич | Россия Федерациясы | Биринчи Катчы |