КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2023-жылдын 11-мартындагы № 6
Каныш-Кыя айыл өкмөттүн “Мүлккө муниципалдык менчик” жөнүндөгү жобосун бекитип берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 11.03.2023-жылдын №01-19/138 чыгыш сандуу Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5- пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесинин негизинде менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин анын ичинде муниципалдык менчиктин объекттерин менчиктештирүү, ошондой эле муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартибинин жобосун бекитүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүң башчысы Б.Исабековдун 11.03.2023-жылдын №01-19/138 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 11.03.2023-жылдын №01-19/138 чыгыш сандуу Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5- пунктуна ылайык муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин анын ичинде муниципалдык менчиктин объекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен белгилөө, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын негизинде муниципалдык менчиктеги негизги каражаттарды, анын ичинде жабдууларды, автоунаа, оргтехниканы, автоунаа каражаттарын, муниципалдык менчик болуп саналган башка негизги каражаттарды жана шаймандарын эсептен чыгаруу тартибин жөнгө салуу үчүн сунушталган жобосу бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Темирбековго жүктөлсүн .
Төраганын орун басары : | У. Качканаков |
|
| Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 6 токтому менен бекитилген |
Каныш-Кыя айыл аймагынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо
Каныш-Кыя айылынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо
I. Жалпы жоболор
II. Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби
III. Жоопкерчилик
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнундө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Каныш- Кыя айылынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды, анын ичинде жабдууларды, оргтехниканы, автоунаа каражаттарын, муниципалдык менчик болуп саналган башка негизги каражаттарды жана чарба шаймандарын эсептен чыгаруу тартибин жөнгө салат .
1.2. Каныш-Кыя айылынын муниципалдык ишканаларынын жана мекемелеринин муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
а) физикалык жактан эскиргенде, кызматынын ченемдик мөөнөтү бүтө электе, колдонуу шарттары бузулганда;
б) аварияларда, табийгат кырсыктарына жана башка бир өзгөчө кырдаалдарда;
в) негизги каражаттар бузулуп калганда, эгер аларды андан кийин колдонууга мүмкүн болбосо же калыбына келтирүүгө көп каражат жумшалса .
Муниципалдык менчикти төмөнкү учурларда гана эсептен чыгарууга болот: эгер аны калыбына келтирүүгө мүмкүн болбосо же экономикалык жактан максатсыз болсо, ошондой эле аны белгиленген тартипте жеке жана юридикалык жактарга сатууга мүмкүнчүлүк жок болсо.
II. Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби
2.1. Негизги каражаттарды пайдаланууга жараксыз экендигин, калыбына келтирип оңдоо мүмкүн эмес же максатсыз экендигин аныктоо үчүн, ошондой эле мүлткү чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу укугунда бекитилген муниципалдык ишканаларда жана мекемелерде негизги каражаттарды эсептен чыгарууга зарыл документтерди тариздөө үчүн, ишкананын жана мекеменин жетекчисинин буйругу менен төмөнкү курамда жумушчу комиссиясы түзүлөт:
-жетекчи же орун басары (комиссиянын төрагасы )
-башкы бухгалтер;
-тиешелүү техникалык адис же жабдууга сервистик тейлөө жүргүзгөн уюмдун - техникалык адиси, эгер тейлөө жүргүзүлсө;
-бул мүлктү сактоо үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн адам.
Мындан тышкары комиссиянын курамына коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле башка адамдар (уюмдун жетекчисинин ыктыяры боюнча) киргизилиши мүмкүн.
2.2. Муниципалдык ишаналарда жана мекемелерде жумушчу комиссиялар:
а) зарыл техникалык документацияны (паспорт жана башка документтер), ошондой эле бухгалтердик эсептин маалыматтарын пайдалануу менен эсептен чыгарылуучу мүлктү кароону жүргүзүшөт жана анын эсептен чыгарылгандыгы тууралуу корутунду киргизишет;
б) эгер эсептен чыгаруу объектиси атайын аппаратура же жабдуу болсо, негизги каражаттардын жараксыздыгы тууралуу корутунду киргизишет;
в) мүлктү эсептен чыгаруунун так себептерин аныкташат (эскирүү, авария, пайдалануунун туура шарттарын бузуу жана башкалар);
г) негизги каражаттарды пайдалануудан мезгилсиз чыгарган күнөөлүү адамдарды аныкташат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте, бул адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштарды киргизишет;
д) негизги каражаттардын объектилерин эсептен чыгарууга актыларды түзүшөт.
2.3.Жумушчу комиссиясы жүргүзгөн иштердин жыйынтыгы боюнча тиешелүү документтер, анын ичинде муниципалдык ишкананын, мекеменин жетекчисинин кат жүзүндө кайрылуусу, эсептен чыгаруу актылары жана башка зарыл материалдар, негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча комиссия кийин кароосу үчүн Каныш-Кыя айылдык Муниципалдык менчик башкармалыгына берилет.
Эсептен чыгаруу материалдары милдетүү түрдө бардык көктөлгөн документтердин тизмеси менен боолонуп, номерленип жана тигилиши керек.
2.4. Баасы 100 эсептик көрсөткүчкө чейинки негизги каражаттарды (автоунаа каражаттарынан тышкары) эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын курамы, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын буюрмасы менен түзүлөт. Комиссиянын курамына ошондой эле жетекчи, башкы бухгалтер, мүлккө жооптуу болгон муниципалдык ишкананын, мекеменин адамы кирет.
2.5. Баасы 100 эсептик көрсөткүчтөн жогору болгон негизги каражатарды, ошондой эле автоунаа каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын курамы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин чечими менен бекитилет.
2.6. Муниципалдык мүлктүн негизги каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссия эсептен чыгарууга түшкөн документтерди карайт.
2.7. Эсептен чыгаруу актыларында негизги каражаттардын төмөнкү маалыматтары көрсөтүлөт:
-даярдалган жылы;
-ишканага, мекемеге түшкөн жылы;
-пайдаланууга берилген убагы;
-объектинин баштапкы баасы;
-бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча эсептелген эскирүү суммасы;
-жүргүзүлгөн капиталдык оңдоолордун саны жана ал чыгымдардын суммасы;
-ошондой эле негизги каражаттарды эсептен чыгаруу себептери, негизги бөлүктөрүнүн, деталдарынын, түйүндөрүнүн, түзүлүш элементтеринин абалы толугу менен жазылат.
2.8. Автоунаа каражаттарын эсептен чыгарууда, мындан тышкары автомобилдин жүргөн аралыгы көрсөтүлөт жана автомобилдин агрегаттарынын жана деталдарынын техникалык мүнөздөмөсү берилет жана ажыратуудан алынган негизги деталдардын жана түйүндөрдүн андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлгөн.
2.9. Авариянын кесепетинен жарабай калган негизги каражаттарды эсептен чыгарууда, эсептен чыгаруу актысына авариянын болгондугу жөнүндө актынын көчүрмөсү тиркелет, ошондой эле кыйроого алып келген себептери баяндалат жана күнөөлүү жактарга карата чаралар көрсөтүлөт.
2.10. Көчүрүүчү, компьютердик техниканы, байланыш каражаттарын ишканалардын тендеменин эсептен чыгарууда милдетүү тартипте техникалык экспертизанын, ажыратуудан пайда болгон негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн актыларынын көчүрмөлөрү тиркелет.
2.11. Негизги каражаттарды эсептен чыгарууда комиссиянын чечими боюнча керектүү документтердин тизмегине милдетүү тартипте фото-видео материалдар (электрондук же жазма вариантта ) тиркелет.
2.12. Уурдап кетүүнүн, өрттүн, жаратылыш кырсыктарынан, каршы тура алгыс күчтүн кыймылдарынан улам жоголгон негизги каражаттарды эсептен чыгарууда уюм кошумча төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
-мүлктү жоготуп алуу фактын ырастоочу документ (кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтом, өрт же башка факты жөнүндө өрт инспекциясынан маалым каты);
2.13. Муниципалдык мүлктүн негизги каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссия маалыматтардын тууралыгын текшерет, зарыл болгондо эксперттерди тартат, эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгү же мүмкүнчүлүк жок экендиги жөнүндө чечим кабыл алат.
2.14. Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алынса, негизги каражаттарды эсептен чыгаруу комиссия төмөнкүлөрдү камтыган протоколду түзөт :
а) эсептен чыгарылган мүлктү тескөө ыкмасы жөнүндө чечимди (жок кылуу, өткөрүп берүү, сатуу, бөлүктөргө ажыратуу ж.б)
б) бул иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча аткаруучунун көрсөтмөлөрүн;
в) эгер жарамдуу түйүндөрү жана агрегаттары бар болсо, алардын колдонулушу жөнүндө чечим;
г) муниципалдык менчиктин негизги каражаттарынын реестерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө көрсөтмө .
Отурумдун протоколуна төмөнкү документтер тиркелет :
-эсептен чыгарууга сунушталган мүлктүн каттоо актысы ;
-эсептен чыгарууга сунушталган мүлктүн техникалык абалынын актысы;
-мүлктү эсептен чыгаруу актысы;
башка документтер (авария жөнүндө актынын көчүрмөсү, тиешелүү органдардын корутундусу ж.б)
Негизи каражаттардын техникалык абалынын актысынын мүлктүн даярдалган жылы, колдонууга киргизилген күнү, жүргүзүлгөн жакшыртуу жана кайра куруу иштеринин көлөмү, негизги бөлүктөрдүн, деталдардын жана түйүндөрдүн абалы көрсөтүлөт.
Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу актысында аны эсептен чыгаруу себептери толугу менен көрсөтүлөт, негизги бөлүктөрдүн, деталдардын жана түйүндөрдүн, элементтердин абалы баяндалат жана экономикалык (техникалык) максатка ылайыктуулугу же бул мүлктү калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү жоктугу жөнүндө жыйынтык чыгарылат.
Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын отурумунун протоколуна, мүлктү каттоо актысына, негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жана техникалык абалынын актыларына негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет жана ушул комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилет. Эгер комиссиянын чечимине макул болбосо, анын мүчөлөрү өзгөчө оюн кат түрүндө баяндоого укугу бар, ал протоколго тиркелет.
2.15. Негизги каражаттарды, мүлктү каттоо актысын, техникалык абалынын актысы, эсептешүү көрсөткүчү 100гө чейинки баадагы (автоунаа каражаттарынан тышкары) негизги каражаттарды эсептен чыгаруу актысы боюнча эсептен чыгаруу комиссиянын отурумунун протоколу таризделгенден кийин, документтер Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндөбуюрма чыгаруу үчүн берилет.
Эсептешүү көрсөткүчү 100дөн жогорку баадагы негизги каражаттарды эсептен чыгаруу учурунда, Каныш-Кыя айылдык кеңешинин макулдугун алдын ала алуу менен, документтер Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө буюрма чыгаруу үчүн берилет.
2.16. Эсептен чыгарылган негизги каражаттарды ажыратуудан түшкөн экинчи сырье, ал кайра пайдаланууга жарамдуу болгон учурда, уюм тарабынан кирешеленет жана бул жөнүндө финансылык документ түзүлөт.
2.17. Негизги каражаттарды сатуудан түшкөн акча каражаттары муниципалдык ишкананын, мекеменин тескөөсүндө жабдууларды жана материалдарды сатып алуу үчүн калтырылат .
2.18. Муниципалдык ишкана же мекеме тарабынан эсептен чыгарылган негизги каражаттарга иш-чараларды өткөргөндөн кийин негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын чечимине ылайык, тиешелүү ишкана же мекеме 10 күндүк мөөнөттүн ичинде Каныш-Кыя муниципалдык менчик башкармалыгына муниципалдык менчиктин жоюлушун далилдеген жыйынтык документтерди, түшкөн акча каражаттарынын төлөм документтеринин көчүрмөлөрү, ошондой эле муниципалдык менчиктин реестеринен негизги каражаттарды андан ары чыгарып салуу үчүн жарамдуу түйүндөрүн жана агрегаттарын кирешеленүүнү тастыктаган документтерди берет.
III. Жоопкерчилик
3.1. Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө сапатсыз жана туура эмес маалымат берилгендиги үчүн ишкананын жетекчисине жана башкы бухгалтерине мыйзам менен белгиленген тартипте юридикалык жана тартиптик жоопкерчилик жүктөлөт.
3.2. Негизги каражаттарды теңдемден чыгаруунун колдонуудагы тартиби бузулган учурларда, буга күнөөлү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат .