КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясынын
2023-жылдын 11-мартындагы № 1
Айдаров Нурбек Кадыржановичке акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 11.03.2023-жылдын №01-19/146 чыгыш сандуу 2-пунктунда Чаткал айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Базар айылынын тургуну Арзыбекова Айзада Кадыржановнанын иниси Айдаров Нурбек Кадыржановичтин ден-соолугуна байланыштуу жардам сурап жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 11.03.2023-жылдын №01-19/146чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Чаткал айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Базар айылынын тургуну Арзыбекова Айзада Кадыржановнанын иниси Айдаров Нурбек Кадыржановичтин оң көзү “глоукома” ооруусуна чалдыгып, 2021-жылы октябрь айында сол көзүнө шруп тийип көзүн 2-3жолу операция жасаткан, кайра кайталоо операциясын Бишкек шаарындагы “Кудрет–Көз” клиникасына барып көзүнө операция жасатууга Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетинин социалдык төлөмдөргө бөлүнгөн акча каражатынан 80,000 (сексен миң) сом бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төраганын орун басары : | У. Качканаков |