Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 19-ноябры № 733-т
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айыл аймагынын Таш-Дөбө айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айыл аймагынын Таш-Дөбө айылынын № 414 контурунда жайгашкан, аянты 0,20 га, идентификациялык коду 7-01-16-1001-3019 болгон жер участогун колдонуудагы суу скважинасы менен бирге Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жана мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен күтүү жана андан ары тейлөө;
3) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди андан ары ээликтен ажыратпоо жана аларды максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
4) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У. Жапаров |