Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XX сессиясы
2023-жылдын 28-сентябры № 4
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ №215 Жарлыгын аткаруу жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын жыйырманчы сессиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ №215 Жарлыгын аткаруу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ №215 Жарлыгы аткарууга алынсын.
2.2023-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында Элдик Курултай чакырылгандыгы эске алынсын.
3.Жергиликтүү Курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Жергиликтүү Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5.Календардык планга ылайык Жергиликтүү Курултайды өткөрүү күнү 18-ноябрь, Жергиликтүү Курултайдын делегаттарынын саны 40 деп белгиленсин.
6.Жергиликтүү жамаатардын жыйындары 16-октябрдан 21-октябрга чейин өткөрүлсүн.
7.Ушул токтом менен бекитилген Жергиликтүү Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына жараша өз мөөнөттөрүндө аткаруу боюнча конкреттүү чаралар көрүлсүн.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Т.Койчубаев |
1-тиркеме
Миң-Булак айылдык кеңешинин
2023-жылдын 28-сентябрындагы
№4 токтому менен бекитилген
Жергиликтүү Курултайды өткөрүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планы
№ | Иш-чаралардын мазмуну | Өткөрүү убактысы | уюштуруучулар | Негиз/эскертме |
Элдик Курултайдын делегаттарын жергиликтүү жамааттардан шайлоо | ||||
1. | Жергиликтүү кеңеш тарабынан Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүчүлүктүү жыйындар (мындан ары-өкүлчүлүктүү жыйындар) жөнүндө чечимди сессияда кабыл алуу: -өкүлчүлүктүү жыйындын убактысын жана өтүүчү жерин аныктоо; -өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн санын бекитүү; -өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери (нормасы); -жыйындарды өткөрүү графигин бекитүү; -өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмесин бекитүү; -өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын бекитүү | 2023-жылдын 6-октябрына чейин | Айылдык кеңеш |
|
2. | Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүү | 2023-жылдын 16-октябрынан 21-октябрына чейин | Айылдык кеңеш |
|
3. | Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын көрсөтүү боюнча жамааттардын жыйындарынын протоколдорун жана өкүлдөрдүн анкеталарын чогултуп жалпылоо | Комиссиялар түзүлгөн учурдан тартып 2022-жылдын 15-октябрына чейин | Жумушчу топ | Бекитилген график боюнча |
4. | Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын тизмесин тактоо, сапаттык жана тармактык курамы боюнча маалымат даярдоо, ошондой эле өкүлчүлүктүү жыйындын күн тартибинин жана өткөрүү тартибинин долбоорлорун даярдоо | 2023-жылдын 14-ноябрына чейин | Өкүлчү лүктүү жыйын дарды уюшту руу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ |
|
5. | Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү | 2023-жылдын 18-ноябры (ишемби) | Өкүлчү лүктүү жыйын дарды уюшту руу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ |
|
6. | Өкүлчүлүктүү жыйындардын Элдик Курултайдын делегаттарынын тизмелерин шайлоо тууралуу протоколдору жана толтурулган анкеталарды уюштуруу комитетине жөнөнтүү | 2023-жылдын 24-ноябрына чейин | Өкүлчү лүктүү жыйын дарды уюшту руу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ |
|
Жооптуу катчы А.Акматова
2-тиркеме
Миң-Булак айылдык кеңешинин
2023-жылдын 28-сентябрындагы
№4 токтому менен бекитилген
Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
1.1.Т.Койчубаев-айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
1.2.М.Асанов-айылдык кеңештин төрагасынын орун басары, жумушчу топтун орун басары;
1.3.М.Мадярбекова-жумушчу топтун катчысы
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
1.4.Ж.Козубекова-айылдык кеңештин депутаты;
1.5.А.Уметов-айылдык кеңештин депутаты;
1.6.Т.Бокубаева-айылдык кеңештин депутаты;
1.7.Р.Усенов-айылдык кеңештин депутаты.
Жооптуу катчы А.Акматова