Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 19-ноябры № 600
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларды сапаттуу даярдоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 18-беренелерине ылайык:
1. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитети макулдашуу боюнча өзүнүн ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте тартууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча чараларды көрсүн.
5. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин
курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, уюштуруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бишкек шаарынын мэри;
Ош шаарынын мэри;
Субанов Мырзакан Усурканович, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин ардагерлер кеңешинин төрагасы;
Кулов Феликс Шаршенбаевич, мамлекеттик жана саясий ишмер;
Какчекеев Токтогул, Кыргыз Республикасынын согуштун, эмгектин, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин Республикалык Кеңешинин төрагасы.