ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Пригородный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 29 сессиясы
2024-жылдын 12-январындагы № 90
«Жер мунапасын жүргүзүү боюнча»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапасын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтомун ишке ашыруу максатында Пригород айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Пригород айыл аймагында курулган турак-жайлардын ээлеринин тизмеси тиркеме №1 ылайык (32 киши) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 Токтому менен бекитилген “Жер мунапасын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого” ылайык Пригород айыл аймагында курулуп калган үйлөрдүн жер тилкелери ээлеген аянттарына жараша негизинен такталып бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Пригород айыл өкмөтүнүн башчысы Шеримбеков Б.К. жүктөлсүн.
Пригород айылдык кеңешинин төрагасы |
| Т.Омурзаков |